Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кемелбек Ашыралиев: “Мен “дүжүр чал” болуп жагынып, президенттен кызмат сурап атамбы?”

Кемелбек Ашыралиев: “Мен “дүжүр чал” болуп жагынып, президенттен кызмат сурап атамбы?”

20-апрель, 16:13
1 318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кемелбек ага, Бишкек баатырдын эстелигинин ачылыш аземинде биринчи катарда сизге жакын Апас Жумагулов агабыз отурду. “Эмне эле мага асылып калдың?” дебедиби? Анткени, бу кишини жакында эле сынга алгандай болдуңуз эле “бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган жаштарга акыл үйрөтпөй эле койсо болот эле” деп...

-- Ооба, бир катарда отурдук. Мен эми болгон чындыкты айтып атам да. Экинчи катын же үчүнчү токол алабы, менин жумушум жок, ал кишинин жеке турмушу. Бирок, бийликтин тээ чокусунда жүргөн кишилер өздөрүнүн жүрүм-туруму үй-бүлөсүнө, мамлекетке ар дайым үлгү болуш керек. Апас Жумагулов аялын кетирип ийип, бирөөнүн аялын тартып алып, кылбаганы жок... Анан мектепке барып алып, “ай жаштар, жакшынакай үй-бүлө кургула, мамлекет эң ириде үй-бүлөдөн башталат” деп айтууга моралдык укугу барбы? Анысы аз келгенсип президентке акыл үйрөтүп жүрөт. Кайсы акылды? Учурунда кыргыз өкмөтүн башкарып, приватизация мезгилинде Кыргызстандагы мен-мен деген завод-фабрикаларды ыгы жок талкалап, сатчусун сатып, Кытайга өткөрчүсүн өткөрүп, өндүрүштү, айыл чарбасын түп-тамырынан жок кылганга себепкер болгон адам экенин ким билбейт? Жакында Садыр Жапаров “мен Өзбекстанга барып уялдым. СССР убагындагы завод-фабрикалар сакталып, азыр өнүгүптүр” дейт. А бизде ушу кишинин айынан иштеп аткан завод-фабрикалардын баары кыйрады. Болбоду дегенде ошол завод-фабрикаларды светин өчүртүп, суусун жаап, эшигине кулпу салып, “учуру келгенде кийинки муундар иштетип кетээр” деп койсо болот беле? Сопсонун болмок. Апас Жумагуловдо менин аласам, бересем жок. “Элдин алдынан кечирим сурап кой, иттик менден кетти!” болбойбу? Мен ушуну айтып атам. 

-- Бирөөнүн үйүн бузганы чынбы?

-- Бузган үчүн кийинкилер “Апас Жумагулов деле бирөөнүн үйүн бузду. Бизге эмне жарашпайбы?” дешип ушу жагынан үлгү көрсөтүп жүрүшөт. Жанагы Кубанычбек Жумалиев деген неме бирөөнүн чырактай болгон аялын алып алды. Эмне, муну да жалган айтып атамбы же асылып атамбы? Турмуш, жашоо мындай экен, жаман көрүнүш, окуя бат эле тарап кетет. А жакшы мисалдар оңой менен тарабайт. 

-- Азыр коомчулукта “Кемел Ашыралиев президенттин жанынан чыкпай “дүжүр чал” болуп кетти” деп атышат. Буга не дейт элеңиз?

-- “Дүжүр чал” болуп президентке жагынып кызмат суранып атат дейсиңерби? Өлкөнүн абалына көз салалычы андан көрө. Жылыш болбой калды да. Чаң баскан көлчөктөй болуп экономикабыз алдыны карай жылбай, артты көздөй кетип атпадыбы. Парламенттик өлкөң андагы партиялардын түзүлүшү чатакка айланды. Акча издеген партияга айланып, “депутат болгуң келсе мага кел, биринчи орунга 500 миң доллар коюп кой, экинчиге 400 миң доллар бер” дешип, 10-орунга бара турган депутат 200 миң долларга такалды да. Акылы бар, акчасы жоктор калып калды, акчасы бар кемпайлар парламентке отурушту. Акаев да бир кезде келжиреп “акчасы болсо ала бергиле” деп айтып койду. Эл дагы “акчасы болсо шайлайбыз, акчасы жок болсо шайлабайбыз” дешпедиби. Ошентип партиялар, кош бийлик, бош бийлик бизге туура болбой калды. Акыры эл тажагандан бир лидер чыкса деп атканда Садыр Жапаров чыга келди. Бу жигит кагылып-согулуп, көрбөгөндүн баарын көрүп, эң негизгиси, “Кыргызстанды батып калган саздан сууруп чыгам” деп тилек кылып атса, а биз болсо үмүт кылып, колдойлу да. Бул “дүжүр чалдык” эмес. Сакалдуу адам катары өз миссиямды аткаруудамын. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер