Акыркы кабарлар
» Саясат » Эмне үчүн Кожобек Рыспаевди эч бир партия кошпой койду?
Эмне үчүн Кожобек Рыспаевди эч бир партия кошпой койду?
29-август, 21:27
2 343 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Парламенттик шайлоого Кожобек Рыспаев барбай турганын жарыялады. Өзүнүн эрки менен ушундай кадамга барганын билдириптир. Чындыгында андай эмес. Кожобек Рыспаев Акүйдүн 7-кабатына чейин барып, суранып, таасирдүү партиялардын катарына кирүүгө жандалбастаганын кантебиз? Натыйжада, партиялар аны кошуп алуудан баш тартышкан. Өзүн “элита” санаган эргул бийлик астында кошоматтанганы, коомчулуктун талабына каршы сүйлөгөнү, айтор, көпчүлүккө жек көрүнгөнү менен эсте калыптыр. Эгерде Кожонун электораты колдосо, калк сүймөнчүгүндөгү саясатчыга айланса, анда партиялар талашып алмак да, туурабы? Тескерисинче, жата калып ат үркүтчүдөй болуп атса, ким эле жанына жуутмак эле?..
Aryba.kg