Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрага Нурланбек Шакиев жөн жерден президенттик креслону кыялданбаса керек

Төрага Нурланбек Шакиев жөн жерден президенттик креслону кыялданбаса керек

31-октябрь, 19:30
660 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, татыктуулар түрмөдө, же саясаттан сырткары жүргөндө Нурланбек Шакиев парламенттин спикери катары иштеп атат. Ар бир бийликтин тушундагы Жогорку Кеңешти мисал кылсак, дайыма ортозаар депутаттар төргө чыгып келиптир. Төрага кейиптенип. “Пластинканы” артка түрдүрүп көргүлө. Эстедиңерби? Курманбек Бакиевдин кандуу режиминдеги Айтибай Тагаевдин көтөрүлгөнүн, андан берки “кашкалдактарды” айтпай эле коёлу. Жашоонун жасалма мыйзамы ушундай тура. Адамдын көзү эч нерсеге тойбойт эмеспи, өзгөчө саясый амбициянын чеги жок. Маселен, Нурланбек Шакиев төрага болгонуна алымсынбай, кийинки президенттик шайлоодо атсалыша турганын, оомат оосо кыргыз элин башкарарын кыялданган кербезиби? Анын жакын адамдары бекер жерден ажо болорун айтышып, делбектеп жатышпаса керек. Ошондо Шакиев назилинде Ташиевге каршы чыгып, так талашып, оппонент болобу? Саясаттын азгырыгы деги эмнеге алып барбайт? Көрө жаталы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер