Акыркы кабарлар
» Саясат » Бабановдун шайлоого аттана турганы көмүскөдөн айтыла баштады
Бабановдун шайлоого аттана турганы көмүскөдөн айтыла баштады
25-июль, 23:27


2017-жылкы президенттик шайлоодо Сокенин мурдунан Атамбаев сүйрөбөсө, элестетип көргүлө, Бабанов жеңишти камсыздамак. Агездеги чыныгы элдин колдоосун кантип жашырабыз?
Ал эми алдыдагы шайлоодо кайрадан Өмүрбек Бабановдун аттана турганы көмүскөдөн айтыла баштады. (Башкалардай соттолгон эмес). Камчыбек Ташиев кайрадан тандемге барабы? Тымызын кептер жаңыдан козголгон сыягындай... Негизи Бабановдо харизма бар, анан калса, каражат, команда, айтор, баардык ресурстары жетиштүү. Убагында коркоктук кылып, тобокелдикке барбай коюп, саясый бактысына жетпей калган. Бу саам “жети өлчөп, бир кесет” окшойт. Бабановдун оозунда ширин сөзү бар, жугумдуу эмеспи. Элибиз бат эле ооп кетиши мүмкүнбү?











