Акыркы кабарлар
» Саясат » Камчыбек Ташиевди кызматтан кетирүүгө кайсы депутат кызыкдар?
Камчыбек Ташиевди кызматтан кетирүүгө кайсы депутат кызыкдар?
06-октябрь, 14:04


“Эки команда болгондо иш жүрбөй калат экен, жакында бир муштумга түйүлөбүз...” таризинде Акылбек Түмөнбаев тар чөйрөдөн бакылдаптыр. Ошондо максаты – УКМК төрагалыгынан Камчыбек Ташиевди кетирүүбү? Башкы куда бул боюнча санаалаш депутаттар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, саясый оюндун акесин таанытууга батынып калгандай... Сыягы, резиденция ордосунда эки жаатка бөлүнүү, таасир талаш кыйла эле жүрүп жаткандай сезилүүдө. Азырынча таккесе ачыктала элек. Айтмакчы, өткөндө Акылбек Түмөнбаев өкмөт башчы Акылбек Жапаровго да атака жасап, аны да кетирүүгө киришкени талкууга “жем” таштаган. Айтор, бийлик короосундагы ажырым күчөй берсе, аягы эмнеге алып келет? Ички-сырткы душмандар да кастарын тигип турушат. Тынч болгой элек...
"Азия Ньюс" гезити











