Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдик курултайдын шылтоосу менен төңкөрүшкө үндөө болбойбу?

Элдик курултайдын шылтоосу менен төңкөрүшкө үндөө болбойбу?

01-ноябрь, 10:28
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Коомдук ишмер, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 24-ноябрда Бишкек шаарындагы эски аянтта элдик талкуу өткөрүүгө камданып жатат. Бул тууралуу Элдик курултайдын аткаруу комитети билдирди.

Элдик талкууга өкмөт мүчөлөрү жана парламент чакырылат. 

«10 миңден ашык шайлоочулардын демилгелеген мыйзам долбоору 4 айдан бери Жогорку Кеңеште каралмак тургай, айтылбай дагы жатат», — дейт курултайдын уюштуруучулар.

Эске салсак, Элдик курултай референдумга Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Элдин тандоосуна башкаруу формасы, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо түрү, президенттен тартып, айыл өкмѳт башчысына чейин, ар жылдык аткарган иши боюнча жыл сайын Курултайга отчет берүүсү боюнча суроолор коюлат.

24-ноябрда өкмөттөн Таластагы Жерүй кени жана башка кен байлыктар боюнча жарандык коомдун талаптарына жообу дагы суралмакчы.


Шайлоо жакындаган сайын мурда тынч жаткан саясатчылар кыймылдап, баш көтөрүп, элдин көзүнө кайрадан көрүнүүгө далбастай башташты. Деги Элдик курултайдын шылтоосу менен революция, төңкөрүшкө үндөө болбосо эле болгону.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер