Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамкатчы Арслан Койчиевдин иш жүзүндө президентке жасаган кайдыгерлиги

Мамкатчы Арслан Койчиевдин иш жүзүндө президентке жасаган кайдыгерлиги

23-июль, 14:21
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Чыңгыз Айтматов түптөгөн “Ысык-Көл форумун” ажарына чыгара албай, ара жолго калтырган Арслан Койчиев майда деңгээлде ойлонгон аткаминер катары таанылды. “Кыргыз ренессансы” деп курулай ураан чакырып, же анын өнүгүшү боюнча томуктай ой айтканга жарабай, соцтармакка жеңил-желпи постторду жазып коюп, күн өткөрүп жүрөт. 

     Соңку убакта чет элдик жарандардын айланасында кызыл-чеке талкуу, талаш-тартыштар күчөгөн чакта Арслан Койчиев башкы идеолог катары калыс сөзүн айтпай, коңулга башын тыгып, президент Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясатына кыянаттык кылгандай кайдыгерлигин көрсөттүбү? Мамлекеттик катчы деген өлкөдөгү саясый көрүнүштөргө үн кошуп, туура багытты көрсөтүп турушу керек эле. Тилекке каршы, бул эргул жан бактыга айланып, кара башынын кызыкчылыгынан жогору көтөрүлө албай койгону ушулбу? Эрксизден жылмаясың да... 

     Ток этерине келсек, мамлекеттик катчы иш жүзүндө президенттин жандоочусуна айланып, коомчулуктагы соккуларды өзүнө алып, тескери агымды оң жолго буруп, буркан-шаркан кайнап турса болбойт беле? Аныгында Арслан Койчиев күйөөгө тийчү кыздай үлпүлдөп, “көзүм көрбөсө мейли, көчүгүмдү бөрү жесин” дегендей ишараты кайсы логикага сыят? Өтө өкүнүчтүү...

     Бир чындык ушул. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик катчы кызматына Арслан Койчиевди дайындап, көп нерседен үмүт кылгандыр. Жыйынтыгы кандай болгонун көрүп атабыз. Ишеним акталган жок. Эми иттен ары чыгарып коюш керекпи?..

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер