Кубанычбек Идинов: “Россия 1 миллиард долларга чейинки азыктарды алууга даяр”
-- Экономикалык абалыбыз мышык ыйлаарлык, тажрыйбалуу экономист катары кандай жолдорду сунуштайсыз?
-- Арабияга, Россияга, Австралияга чейин чек арабыз ачылды. Алар өлкөбүзгө келип, эс ала баштаса болот. Ошону эффективдүү пайдаланып, туристтик фирмалар түзүгүрөөк иштеп башташы керек. Кудай буюрса, быйыл түшүмдүү эле жыл болду. Ошону убагында жыйнап, Россияга, Казакстандын шаарларына эртерээк жиберип, мүмкүн болушунча 70% айыл чарба азыктарын экспорттошубуз зарыл. Ошол экспорт көбүрөөк кыйынчылыктан куткарат. Дыйкандардын эмгеги талаага кетпей, каржалган калкка кадимкидей жеңилдик болот. Мамлекет колдон келишинче кичи ишканаларга кол сунуп, жардамын берип, иштерин жүрүштүргөнү оң. Буга чейин жүрүшүп жаткан ири бизнестер улана берет. Ал эми майда ишканалар кыйналып, банкротко учурашты. Ушул майда бизнести буттан тургузуп алсак, экономикабызга чоң салым кошкон болобуз.
Ички дүң продукция бул жылы кыскартылары айтылган. Эгер кичи ишканалар жанданып, айыл чарба азыктарын ойдогудай экспорттоп алсак, ички дүң продукцияны кыскартпай, кыйынчылыктан чыгып кетсек да болот. Баарыбыз тике туруп, жогоруда айтылгандарды ишке киргизишибиз абзел.
-- Пандемиядан кийин экспортту унутуп да калдык окшойт...
-- Болгону иш алып баралбай, коркок болуп жатабыз. Россияга айыл чарба азыктарын экспорттосок, алар 1 миллиард долларга чейинки азыктарды алууга даяр. Казакстан деле ошого барат. Бул жерде өкмөт күнү-түнү иштеши керек. Айыл чарба, экономика министрликтери үзгүлтүксүз эмгек кылуулары зарыл. Жол ачылды. Темир жол бош. Темир жол менен да, учак менен да, жүк ташуучу унаалар менен да жөнөтүп, тыным билбей иштеши керек. Карантин учурундагыдай штабдар түзүлүп, ыкчам иш жүрсө, күз берекелүү болуп, эл байыйт. Экономика көтөрүлөт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити