Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялынын шылдыңдуу сөзүн угуп, камдаган белегин ыраа көрбөй басып кетти...

Аялынын шылдыңдуу сөзүн угуп, камдаган белегин ыраа көрбөй басып кетти...

08-ноябрь, 17:51
1 316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалыматта, окуяга кабылган жаран моралдык жактан жабыркап жатканын билдирип, психологдун жардамына барган. Ал качан психологдон бир аз жакшы болгондо гана социалдык баракчасына окуяны жазып чыкты. 

Анын жумушу үйүнүн жанында болгондуктан түштөшүүнү үйүнөн ичип, ошол эле учурда жасалбай калган жумуштарды да аткарып кетчү. Кээде эртең мененки тамактануудан калган идиштер жуулбай калса аларды жууп, кир кийимдерди автоматтык кир жуугуч машинага салып, таштандыны төгүп койчу. Бул кылгандарын күнүмдүк жашоодо жасап келген оокат катары кабыл алып келген. 

Ушундай күндөрдүн биринде аялынын туулган күнү болуп, анын курбулары куттуктап келип калышат. Алар менен жакшы маанайда отуруп, белегин алып келмекчи болуп жаран өз бөлмөсүнө жөнөйт. Чала жабылган эшиктин артынан аялы курбусуна “үй оокаттарын ашканадагы ала дөбөтүм жасайт” деп каткырган үнүн угуп калат. Аны коштоп кээ бир курбулары күлсө, кээси одоно кабыл алып калышкан. Ошентип тойдо аялына камдаган белегин да бербей кала берген. Бул сөздөн кийин ал үйдөгү оокаттарды жасоодон таптакыр баш тартат. Аялынан эмне себептен таштанды төгүлбөй, кир идиштер жуулбай калып жатканын сураганда “ашканадагы ала дөбөт иш таштап жатат” деп жооп берип кетип калган. Бул окуядан кийин үйдөгү ынтымак ажырымга учурап, аялы менен бир үйдө жашоо оор болуп калганын айткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер