“Өз көмөчүнө күл тарткан” Арслан Койчиевдин кылыктарын президент билеби?


Хандан-бектен артка тартпаган Төлөгөн Сулайманов деген журналист бар. Коомдук-саясый кырдаалдарга сереп салып, пикирин билдирип турат. “Байлыгыңа байпагым” деген жутунуп-улунбаган, урду-сокту мүнөзү бар киши. Социалдык тармактарда анын мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин чыгармасынын негизинде Ош драмтеатрында режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон “Бир келип кетчи Ош жакка” спектакли боюнча жазган пикири кызуу талкуу жаратууда.
Төлөгөн Сулайманов Фейсбук баракчасына “ким министр, мамлекеттик катчы болсо эле өз чыгармаңарды сахналаштыргандан уялбайсыңарбы?! Мамлекет силердин “жеке хоббиңерди” аткаруучу куралбы?, - деп балчайта суроо койгон.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бул спектакль узак убакыттан бери даярдалып жатканын, мамлекеттик катчы экенине болгону эки ай толгонун комментарийине жаза кеткен. Антсе кайран тапан Төлөгөн Сулайманов Арслан Койчиев мамкатчылыкка чейин президенттин кеңешчиси болгонун кыйытып, кызматта турган адамдардын чыгармасына коюлган башка дагы спектакль, фильмдер көп экенин айтып, “тилимди тырмагыла” дегендей кылды.
Кызык, Төлөгөн Сулайманов эмнени кыйытып жатат (?) деп үстүртөн анализ кылып көрсөк, чынында көңүл бурчу бир катар жагдайлар бар экен. Мисалы, мамкатчы Арслан Койчиевдин чыгармасынын негизинде жакында эле Темир Бирназаров тарткан “Туткун” деген фильм чыкты. Мамлекеттин 24 миллион сому корогон бул фильм тууралуу бир топ өйдө-төмөн сөздөр айтылып жаткан маал.
Ырас, Арслан Койчиевдин мамкатчы болгонуна эки гана ай болду. Эки айда фильм дагы тартып, спектакль дагы коюп жетишпейт. Кептин төркүнү Койчиев буга чейин президенттин кеңешчиси болгонунда жатпайбы.
Сөз болуп жаткан “Бир келип кетчи Ош жакка” спектаклин таланттуу жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев коюптур. Бул жигит азыр жаштардын арасынан топ жарып, суурулуп чыга келген алдыңкы театр режиссерлорунун бири болуп калды. Ошол эле кезде Карыпбаев жөн гана таланттуу эмес, кимдин драмасын коюш керек экени боюнча мастер-класс дагы көргөзүп келет. Мисалы, мурдагы маданият министри, азыркы Түрксойдун баш катчысы Султан Раевдин “Күн кармаган бала” чыгармасын сахналаштырып, Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү бар сыйлыктын баарын алды. Андан кийин дагы бир маданият министри, министрдин биринчи орун басары болгон Кайрат Иманалиевдин “Акыркы кат” драмасын койду. Эми болсо президенттин мурдагы кеңешчиси, азыркы мамкатчы Арслан Койчиевдин чыгармасын “даңазалаган” кербези. Кимдикин сахналаштырат режиссердун өз иши дечи, бирок таланттуу жаш жигит “конъюнктурщик режиссер” деген клеймо жармаштырып албайбы?
Ушул эле сөз мамлекеттин идеология багытын тескей турчу Арслан Койчиевге дагы тийиштүү. Аныгында бийлигинен пайдаланып, “чыгармаңызды сахналаштырат элем” деген адамдын баарына эле макул боло берсе дагы катуу сөзгө калгыдай.
“Король көргөн үй-бүлөбүз” деген Арслан Койчиев бир аз тизгинин тартпаса, кылып жаткан иштери президент Садыр Жапаровго жетсе эмне болот? Ушундай “өз көмөчүнө күл тарткан” жетекчилер кызматтан алынып, же камалып жатканын көрүп атпайбызбы...











