Бала-чакалуу болсом да, биринчи күйөөмдү унута албай келем...


Кыз-жигит болуп эки жыл сүйлөшүп, таза нике менен баш коштук. Ак жоолукчан келинчек катары бакытка бөлөнүп, мезгил алмаша берди. Бирок, алты жыл өтсө дагы бала жытын жыттабадык. “Күйөөм баласыз болуп өтөт” деген жыйынтыкты уксам да, мен үмүтүмдү үзбөдүм. Кайын журтумдун катуу сөздөрүн угуп жүрдүм. Бирок күйөөм мени коргочу эмес. Ошого ыза болуп, өз сүйүүмөн кечтим. “Ал деле ортодо өрттөнбөсүн, башка аялдан балалуу болор” дедим. Акыры ажыраштык. Таарыныч жүрөгүмө батпай басып кеттим...
Күйөөм “оорукчан катары таштап кеттиң” деп кайра мени күнөөлүү адамга айлантты. Бирок, ал жокто жакындары айткан ачуу сөздөрдү билди бекен? “Мен баласыз да өмүр сүрүп кетем, болгону сен мени коргочу” дечүмүн. Коргой албады. Мен биринчи сүйүүмдү унутпай келем. Кээде өткөн күндөрүм түшүмө кирет.
Учурда жашоом жакшы. Бала-чакалуу болдум. Азыркы күйөөм ойдогудай. Бирок мурунку жашоом өңүмдө да көз алдыма тартылып, түшүмдөн дагы кетпейт. Жашоом кээде маңызсыздай сезилет. Бир кайгы дайыма жүрөгүмдү эзип турат...
Нура
"Азия Ньюс" гезити











