Раджив Гандинин Кыргызстанга келиши, анын коркунучтуу өлүмүнө Турдакун Усубалиевдин жазган каты...
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Раджив Ганди “Ысык-Көл күмүш алкактагы кардуу тоонун баа жеткис аквариуму” деген канаттуу сөзүн айткан.
1985-жылдын май айында Индия Республикасынын премьер-министри Раджив Ганди Кыргызстанга келди. Ал мезгилде Индия менен Кыргызстандын экономикалык жана маданий байланышы өркүндөп турган. Бизден Индияга станок, инструменттер, электромашиналар, автомобилдердин запастык бөлүктөрү, электролампалар жана башка толгон-токой өндүргөн продукцияларыбыз жөнөтүлүп турган. Өз кезегинде биздин республика алардан чай, дары-дармек, лак, бензин колонкаларын, аккумулятор, кабель продукцияларын алып турушкан. Кыргыз ССРнин окумуштуулары Индиянын илимий өндүрүштүк коомчулугу менен тыгыз байланышта болушуп, геология, сейсмология, химия жана мелиорация тармактары боюнча биргелешкен иштерди ырааттуу жүргүзүшкөн.
Асман тиреген Тянь-Шань жана Гималай тоолорунун климаттык шарты окшош болгондуктан, суу энергетикалык байлыктарын, бийик тоолордогу жер титирөөнүн пайда болуш себептерин, илимий практикалык негизде математикалык методдорду колдонуу менен көптөгөн кызыктуу изилдөөлөрдү жаңыдан биргеликте ийгиликтүү ачышкан. Индияда өткөрүлгөн эл аралык илимий съезддерде, конгресс жана симпозиумдарда кыргыздын окумуштуулары дагы активдүү катышып турушкан эле. Делиде өткөрүлгөн эл аралык илимий техникалык көргөзмөдө кыргыз илимдер академиясынын автоматика институтунун кызматкерлеринин суу сактагычтарды, тактап айтканда, Киров суу сактагычынын автоматташтырылган курулушу, сугат системасындагы автоматташтыруу, суу ташкындарын тейлөөдө автоматташтырууну ойлоп табышкан кыргыз окумуштууларынын илимий ачылыштары аларга зор кызыгууларды жаратып, чоң абройго ээ болушкан.
Биздин республика Индиянын Бихар штаты менен достук байланыш жасап, коомдук ишмерлерибиз, жазуучуларыбыз, окумуштууларыбыз жана искусствонун адамдары делегация катары барып турушчу. 1984-жылы Калькутта шаарында Кыргызстандын элдик чыгармачылык өнөрлөрүнүн көргөзмөсү ачылат. Биздин көргөзгөн кинофильмдерибиз индиялыктарга жагып, алардын кубаттоосуна татыктуу болушкан.
Улуу коногубуз келер алдында борборубуздун көчөлөрүндө хинды, орус жана кыргыз тилдеринде куттуктоо сөздөрү жазылып, миңдеген шаардыктарыбыз болуп көрбөгөндөй кубаныч менен тосуп алышты. Сексенинчи жылдардан баштап экономикабыздын жана маданиятыбыздын кескин көтөрүлүшүнөн дүйнөгө белгилүү коомдук, мамлекеттик ишмерлерди, эл аралык дипломатиянын протоколунун деңгээлинде тосуп алууга толук шартыбыз түзүлүп калган.
1985-жылдын 25-майында республиканын биринчи жетекчиси катары Турдакун Усубалиев дипломатиялык протоколдун негизинде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде ардактуу конокту кабыл алып, аңгемелешүү өткөрөт. Дагы бир жолу премьер-министрди жана аны коштоп жүргөн Индиянын мамлекеттик кызматкерлерин кыргыз жергесине келишин кызуу куттуктайт. Андан ары сөзүн улап, советтик-индиялык достук байланышка токтолгонубузда, биз ыраазычылыгыбызды билгизип, улуу Индия элинин көрүнүктүү ишмерлери Джавахарлал Неруну, Индира Гандини достук байланыштарыбызды алгачкылардан түзгөн жана аны ийгиликтүү уланткандыгы үчүн аларды жогорку деңгээлде эстеп турабыз. Алардын жаркын мээримдүү элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.
Жогорку деңгээлдеги конокту жана аны коштоп жүргөн мамлекеттик көрүнүктүү ишмерлерди Кыргызстандын социал-экономикалык өсүүдөгү абалын жана алдыбыздагы жасалуучу иштер жөнүндө кыскача айтылды.
Индия республикасынын премьер-министри Раджив Ганди ырааттуу тосуп алгандыгы тууралуу ыраазылыгын билгизип, индия элинин атынан кыргыз элине жылуу саламын жолдоду: “Биз Кыргызстанга келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаттык. Өз жерибизде жүргөндө сиздер тууралуу көптөгөн жакшы пикирлерди окуп, угуп жүргөнбүз. Биздин карым-катнашыбыз байыртадан тамыры тереңде жатат. Кыргызстан менен Бихар штатынын достук байланышы буга далилдүү күбө боло алат. Сиздердин жаркыраган республикаңыздардын тоолору, жайыттары, шар аккан көк кашка тоо суулары Индиянын тоолуу райондоруна, түпкү тайларымдын жери – Кашмирге окшошуп турат. Жаратылыш баалуулугун сактап, аларга этияттык менен илимий негизде жасаган мамилеңиздерди биз дагы үйрөнүп, өлкөбүздө алымдуу иштерди өркүндөтүүгө тийишпиз”.
Раджив Ганди андан ары сөзүн улады. “Индия калкы сиздердин адабий чыгармаларыңыздарды, маданиятыңыздарды көңүл коюп таанууга аракеттенет. Улуу жазуучуңуздар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жогору баалайт. Элдик “Манас” эпосу Индияда жакшы белгилүү. Октябрь революциясынан кийин кыска мөөнөттө Кыргызстандын баардык тармактары боюнча илимий-социалдык-экономикалык өсүшүн жакшы билебиз”.
Кыргыз ССРине келгендигин белгилеп, Раджив Ганди түбөлүк жапжашыл болуп туруучу Тянь-Шань карагай көчөтүн “Достук” аллеясына отургузду. Улуттук кийимдеги кыздарыбыз ар түркүн гүлдөрдөн чогултулган кооз букетин тапшырышты. Кайда болбосун индиялык мамлекеттик делегацияларды миңдеген шаардыктар төгүлө мамиле жасап жатышты.
“Достук” аллеясына жакын жайгашкан Борбордук Комитеттин жана Кыргыз өкмөтүнүн кызматтык үйүн кызыгуу менен карап турду. “Көрктүү имарат экен. Долбоорду жаратууда жаратылыш-климаттык өзгөчөлүгүн эске алгандыр. Автору ким? Кооздочу мрамор жана гранит жаратылыш таштарын кайдан алдыңыздар?” деп сурап калды.
Турдакун Усубалиевичтин түпкүрүндөгү ачылбай жаткан күчтүү сезимин премьердин ойгото айтканына жарыла сүйүнгөнсүп... “Долбоордун автору Алымкулов Урмат деген жаш кыргыз жигит. Москвадагы архитектура институтун аяктаган. Беттөөчү материалдарды жергиликтүү заводдорубузда өзүбүбүз даярдайбыз. Жылына 250 миң кв/метр жылмаланып даярдалган гранит, мрамор жана сиенитти керектөөчүлөргө жөнөтүп турушат. Жаратылыш тартуулаган аталган баалуу таштар тоолорубузда толтура, жүздөгөн жылдарга кенен жетет деген ойдобуз” дедим. “Индияда болгон кезимде бири-бирине такыр окшошпогон, ар түркүн көлөмдөгү таңкалтыруучу архитектуралык комплекстерди көргөм. Өнүккөн улуу элдин мамлекет башчысы биздин улуттан чыккан архитекторубузга жылуу кебин айтып турганын угуп, бизде дагы дүйнөлүк деңгээлдеги маданият-искусство кадрлары өсүп келе жаткандыгына толкунданып, жетине албай турдум...” деген Т.Усубалиев.
1967-жылы жыйырма күндөн ашык Индияда болгонунан Турдакун Усубалиевич кеп салат: “КПССтин делегациясынын курамында Индия Компартиясынын кезектеги коммунисттердин съездине катышып калат. Индия республикасынын улуттук форумуна катышуу өтө кызыктуу өтөт. Алардын дүйнөлүк маданияттын өсүшүнө кошкон салымын айтып түгөтө албайсың. Бир эле түбөлүк эстен кеткис, кайталангыс зергерчилик менен жасалган шахтын аялы Шах-Джахандын мавзолейи мындан 300 жыл мурун тургузулган. Бир караганда адам дитин тарта албаган архитектуранын касиеттүү күчүн айтууга, түшүндүрүүгө кубатың жетпейт. Бийиктиги 70 метр, беш куполдук имарат, бурчтарында төрт минарети бар, ар түрдүү түстөгү кубулган ак мрамор менен капталган. Ага удаалаш катарынан курулган бассейнден, мавзолей күзгүдөй чагылышып, көз жоосун алып, ар түркүн түстөгү чексиз деңиз толкугандай ырахат тартуулайт”.
“Ар кайсы региондорун көрүп, алардын жашоо шарты, турмуш тиричилиги, эмгектенүүсү индиялыктардын Орто Азия калкына окшош жактарын көп байкадым. Индияда, биздегидей мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн. Ошол убакта жылкынын саны 1 миллиондон ашык, кой-эчки 110 миллиондой, ири мүйүздүү мал 176 миллион, буйволдор 54 миллиондон ашык. Индиялыктарда чыгыш элдери сыяктуу эле жылкы баласы эң баалуу экен. Жылкыны дыйкандар айыл чарба жумуштарына колдонушат, мингенге пайдаланышат, улуттук оюндары, майрамдары ат чабыш, ат оюндарысыз өтпөйт.
Ата-бабабыздын кылымдап келе жаткан каадалуу салтын улантып, кыргыз жергесине келген ардактуу мейманыбызга үч жаштагы “жаңы кыргыз” тукумундагы элита кунанды даярдап, эртерээк Москванын уруксатын күтүп турганбыз. Күттүрүп жооп келбей, акыры убакыт аз калганда “Борбордун белегинен силердин атыңар кымбатка турат” дешип, тескери кетишти. Баардык административдик бийликти ашыкча борбордоштурган системадан андан жогорку жакшылыкты күтүү болбойт эле. Ысык-Көлгө келгенде ардактуу индиялык меймандарыбызга туристтерге ылайыкталган катерге отуруп, көл жээгиндеги санаторийлер жана эс алуучу жайларын көрүп чыгууну сунуштадым.
Алар күн чыгыш тарапты көздөй 35 километрдей жүрүштү. Күн кечтеп бараткан мезгил эле. Иштеп жаткан санаторийлер жана пансионаттар алаканга салгандай көрүнүп баратты. Суроо артынан суроолор жаралат. “Бул эс алуучу жайлар кимдерге тийешелүү? Кимдер келип эс алат? Жыл бою иштейби, баалары кандай?” деп сурап калды. “Министрликтердин эмгек коллективине тийиштүү, жумушчулар, колхозчулар, министрлер, партиялык-советтик кызматкерлер жана комсомол, профсоюз уюмдарынын жетекчилери чогуу эс ала беришет. Бизде жеке менчик санаторий, пансионаттар жана эс алуучу жайлар болбойт, алар жөнүндө караманча түшүнүгүбүз жок” дедим. Санаторийлердин ар кандай деңгээлде курулушу алардын ээлеринин экономикасына жана жасаган аракетине жараша болот. Шарты бар, каражаты жетиштүү жана уюштургуч жетекчиси барлар жакшылап көркөмдөп, көз жоосун алдыра салышат.
Меймандар көлдүн көгүлтүр таза суусуна суктанышып, атайылап кол менен жасагандай айланасы мөңгү-кар баскан чокуларын таңкала карап, биринен-бири жарыша мактап айтып жатышты. Ошондогу Индия Республикасынын премьер-министринин көлгө болгон тойбогон мээримин, суктана караган көз карашын сөз менен айтып түшүндүрүүгө алың келбейт” дейт Турдакун Усубаиевич.
“Кокусунан мени шарт бурула карап, “Ысык-Көл күмүш алкактагы кардуу тоонун баа жеткис аквариуму” деп кыялга толгон сөзүн толкунданып айтып жиберди. “Миң жылдык өмүрү бар акылдуу кайрыктын ээси мен эмесмин, - деди Раджив Ганди. -- Китептеримди аңтарып жатып таптым, сөз өткөн кылымдагы орус окумуштуу-изилдөөчүсү Семенов Тянь-Шанскийдики”. Оюн андан ары улап, “кара-көгүш тарткан Ысык-Көл кубулжуган миң түркүн жүзү менен көгүш тарткан Женева көлүнө атаандаштыкка жөн эле чыга алат. Кеп анын суусу Женевадан беш эсе чоңдугунда эмес, эң башкысы, тазалыгында, айланасынын кооздугунда жана сиздердей төгүлө жасаган жергиликтүү калкынын меймандостугунда. Мен Женева көлүндө болгом. Билбейт экенмин, ааламда Ысык-Көлдөй дагы таза деңиз барбы? Кайда?”. Кайра жоопту өзү айтып, “мен андай көлдү укпаптырмын, дүйнөлүк адабияттан да окубаптырмын” деди.
Саат кечки 5-6ны таяп калган убак. Айлана таңкаларлыктай тыптынч, ныпым эткен шамал жок, асман ачык, күн кыркар тарткан кемедей тоолорго жакындап баратат. Кечки күн нурунан чагылышкан көлдүн көрүнүшү жомоктогудай сезилип, миң түркүн кубулжуп, биринчи келген меймандар эмес, дамамат көргөн, көнүккөн бизди дагы таңкалтырып турду.
Раджив Ганди көлгө келип кеткенден кийин анын “Ысык-Көл – күмүш алкактагы кардуу тоонун баа жеткис аквариуму” деген ат менен статьялар, очерктер жана сүрөттөр басмаканалардан ар түркүн тилдерде жарыяланып, касиеттүү көлүбүздүн накта баасын аалам калкына чет мамлекеттик жетекчилерден алгачкысы болуп даңазалап кетти.
Менден “Ысык-Көл курорттук зона катары эсепке киргенине канча убакыт болду?” деп сурап калышты. Тамаша иретинен баштадым. “Адамзаттын алгачкы өнүгүүсү көпкө издеп табалбай жүрүп, 1963-жылы гана араң таап алып, коё бербей коюптур. Ысык-Көлдү курорт зонасы катары өздөштүрүү иштери ошол жылдан башталат. Азыр түндүк тарабындагы көл боюнда жүздөй дарылоо, эс алдыруучу мекемелер иштеп жатат. Жыл сайын 250 миң адам өлкөбүздүн ар тарабынан келип эс алууда. Келечекте алардын саны үч-төрт эседен кем эмес көбөйөрү туурасында такталган эсебибиз бар”. Меймандар дагы бир топ кызыккан суроолорду берип жатты. “Эс алуучуларды жакшы канааттандыруу үчүн таза суу жана салкын аба, жаратылыштын кайталангыс кооздугу, күн нурунун жетиштүүлүгү, элинин меймандостугу сыяктуу дагы кандай артыкчылыктарга ээ?”. “Андан башка дагы эс алуучуларга сунуштай турган дары баткак жана ысык радон суулары кирет. Дарылык касиеттери боюнча токтолсок, союздагы даңазаланган курорттордон ашса ашкан, алардыкынан кем эмес таасирлери бар. Азыркы кезде биздин эң башкы максатыбыз: көлүбүздү мурдакы калыбындай таза сактап калуу милдети турат” дейт Турдакун Усубалиевич.
“1975-жылы Ысык-Көл курорт комплексин пайдалануу долборун 2000-жылга чейин иштелип чыкканга союздун борбору чоң иштерди бүткөрүп берди. Долбоорду шаар куруу илим изилдөө институту, Кыргыз ССРнин госстрою менен бирдикте даярдашты. Долбоорду СССРдин госгражданстрою кубаттап, союздун госпланы жана минфини, союздун профсоюздар федерациясы, союздун ден соолукту сактоо министрлиги карап чыгып бекиткенден кийин республикалык жергиликтүү министрликтер, комитеттер жана ири мекемелер, көптөгөн жаңы эс алуу-дарылоо жайларын, конкурстук негизде ачууга аракеттенип жатышат.
Долбоорду республиканын өкмөтү өтө тыкандык менен карап чыгып, келечекте курорттук зонадагы курулуучу жайларды, шаар тибиндеги поселок-айылдарды, генералдык пландын негизинде, бүгүнкү мезгилдин талабы менен бекитти. Мындан ары көл кылаасында башаламан, иретсиз курулуштарга тыюу салынды.
Генералдык план боюнча, Пржевальскдеги жана Тамгадагы иштеп жаткан аэропорттор өркүндөтүлөт жана Тамчы селосундагы курула башталган аэропорт ишке кирет. Пржевальск шаарына жакын жерде “Каракол” лыжа базасын ачууга, эң сонун жаратылыш тартуулаган жайыбызды алиге эч кимге көрсөтө, айта элекпиз. Жасалуучу көптөгөн мамлекеттик иштер алдыда. Келечекте көлүбүздөн эс алуучулардын, туристтердин аягы жыл боюнча басаңдабайт.
Фрунзе-Рыбачье авто жана темир жолу толугу менен оңдолот. Курорттун ичиндеги аймакта жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн электрдин күчү менен иштөөчү транспортторго жол ачылып, автомобиль жана суу транспорту кыскартылат.
Мурда көлдүн тазалыгын, санитардык абалын, жээгиндеги курулган гидрогеологиялык станциялар гана аныктап турса, 1982-жылдан баштап каалаган жериңден анализ алууга жана жаратылыш кубулуштарын кыдырып байкоого шарт түзүлдү. Биздин өтүнүчүбүз менен союздун мамлекеттик гидромет кызматы, алардын илим изилдөө институттары менен биргеликте союзда алгачкылардан болуп чоң көлөмдөгү илимий иштерди жүргүзүүчү суднону Азов шаарынан куруп беришип, татаал шартта темир жол менен жүктөп келдик. Баардык керектүү анализдерди, өндүрүштүк байкоолорду жүргүзүүчү көчмө илимий станциясы көлүбүздө сопсонун иштеп, алардын иш жыйынтыгы өзүбүздү кубантууда.
2000-жылда суунун суткалык керектөөсү көл аймагы боюнча 400 миң куб/метрге жетет. Бул эң оор жана татаал проблеманы дагы терең ойлонушуп чечип алдык. Анткени жер алдындагы сууларыбыздын жетиштүүлүгү бизди канааттандырып койду. Курорттордогу жана көлгө жакын жайланышкан айылдардагы таза суу жана канализация жумуштары дагы ийгиликтүү долбоорлонду. Көлүбүздүн жаратылыш көркүн жана экологияны сактоону бийиктетүү максатында айланасы менен туурасы 500-1000 метр аралыктагы 15-16 миң гектар жерге ар түркүн жашыл токой тилкесин алып өтүү максаты алдыбызда турат. Даярдап жаткан көчөттөрүбүздүн убагы келери менен алгылыктуу иштерибизди жапатырмак баштаганы турабыз.
26-май күнү эртең мененки тамактануудан кийин Индия өлкөсүнүн башчысына атайын даярдаган улуттук чепкенди жана сувенир сымалындагы ак калпакты кийгиздик. Улуттук кийимдерибиз ага жагып, кийинген боюнча Фрунзеге учуучу самолетуна отурду. Биз анын төгүлүп жасаган мамилесине, улутубузду сыйлагандык катары жогору баалап толкунданып, кол булгап узатып турдук.
Кыргызча кийинген премьерин көргөн анын коштоочусу “сиз накта эле кыргызга окшошуп калдыңыз” десе, премьер “биерде таңкалычтуу эч нерсе жок, индиялыктар жана кыргыздар баардыгыбыз чыгыш элдеринен болобуз, түпкү тамырыбыз бириккен” деп жооп берип жатпайбы.
Индиялык делегацияны коштоп узатып, республиканы тааныштырып жүргөнүмдө Раджив Ганди менен бир нече жолу ар түркүн темада кенен аңгемелешип жаттык. Анын эң жөнөкөйлүгү, жогорку интеллектуалдык маданий деңгээли, мамлекеттик акылман, улуу ишмер катары элеси эсибизде калды” дейт Турдакун Усубалиевич жазган чыгармаларында.
“Жеке архивимдеги Раджив Гандинин жазган катына чогуу көңүл буруп коёлу:
“Улуу урматтуу Турдакун Усубалиевич! Аялымдын, жалпы делегациянын жана өзүмдүн атымдан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасына баргандагы сиздердин жылуу маанайдагы уюштурган меймандостугуңуздарга чын пейилимден ыраазылык билдирем! Кыска мөөнөттөгү күндөрүбүз эстен кеткис окуяларды камтыды. Жаандуу күндөргө карабай, миңдеген шаардыктардын бир туугандык, достук сезимдеги тоскон күндөрүн эсибизден чыгара албайбыз.
Өзүбүз күткөндөй, биздин жолугушуудагы көз карашыбыз Советтер Союзу менен Индия мамлекетинин өз ара пайдалуу аракеттери, региондордо жана дүйнө жүзүнө тынчтыкты сактоого кызмат кылат. Мындан ары Кыргызстан менен менин өлкөмдүн ортосундагы кызматташуулар, бир туугандык байланыштар терең өнүгөрүнө ишенип кетемин. Совет министринин башкармасына жана Кыргыз ССРинин Президиумунун Жогорку Советинин башкармасына жана башка сиздердин коомчулуктагы биздин жолугушубуздагы уюштурган пайдалуу, сүйкүмдүү жасаган иштерине ыраазылыгыбызды билдирип кетебиз.
Сиздердин достук пейилдеги жаркыраган Фрунзе шаарынын борборунун жашоочуларына, Ысык-Көлдүн тургундарына, жаандуу күндөргө карабастан уюштурган ат-спорттук улуттук оюндарына ыраазылыгыбызды билдиребиз!
Сиздерди терең урматтоочу Раджив Ганди”.
“1985-жылдын 25-майындагы пресс-группасынын жетекчиси, Индия посольствосунун СССРдеги кызматкери В.Пракаш биздин тышкы иштер министрлигинин экинчи катчысы менен сүйлөшүп жатып: “Визит жакшы жүрүп жатат. Бир индиялык журналист премьер-министрдин сөзүн кабарлап жатып, “мен эч жерден Кыргызстандагыдай тоскон меймандостукту көрө элек элем” деген экен.
Турдакун Усубалиев Раджив Гандинин Кыргызстанга келгенин кандай болсо, ошондой жаздым. Балким айрымдар менин эскермелеримди бүгүнкү көз караш менен баалашы мүмкүн. Анда биз калыстыктан тайыган болобуз, жазылган окуя биздин тарыхыбыз, аны кайрадан карап, оңдоп жазыш, бүгүнкү күнгө ылайыкташтыруу зарылчылыгынын кереги жок. Тарыхый фактылар жана окуялар өз заманындагы көз караш менен баа берилиши керек.
Раджив Ганди кайгылуу кайтыш болгондо Индиянын калкына арнап төмөнкүдөй телеграмма жибердим:
“Жүрөк титиреткен коркунучтуу өлтүрүү болуп, кайгыны тарткан индия элинин мекенчил уулу, дүйнөлүк масштабдагы мамлекеттик ири ишмер Раджив Гандини укканыбызда менин жана жалпы кыргызстандыктардын жүрөгү солк этип кабыл алдык. Мурдагы премьер-министр менен жолукканымды, аңгемелешкенимди мен жеке бактым деп эсептегем. Ал аялы Сони менен мындан алты жыл мурун, 1985-жылы май айында биздин республикага келишкен. Анын айткан “Көптөгөн кылымдар бою кыргыз жана индия элдеринин ортосунда маданий жана соода байланыштары үзүлгөн эмес. Асман тиреген тоолор, ашуусу бийик зоолор дагы эки элдин жакындашканына тоскоолдук жарата албаган. Кыргызстанды карасам, менин түпкү таяталарым жердеген Кашмир жергесине окшошуп турат. Мен сиздерге жалпы индия элинен салам алып келдим” деген эле. Кыргызстандыктарга жана кыргыз калкына ал эң улуу, табылгыс конок катары кабылданган. Аалам калкы гуманист, мекенчил жана саясатчыл улуу адамын жоготту. Кайталангыс азап. Унутулгус трагедиялуу эстелик.
Турдакун Усубалиев, мурдакы Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары. 24-май 1991-жыл”.
(Уландысы кийинки санда)
"Азия Ньюс" гезити