Акыркы кабарлар
» Саясат » Коңулда жатышкан саясатчылар күздө биригүүгө барышабы?
Коңулда жатышкан саясатчылар күздө биригүүгө барышабы?
02-июль, 16:16

Алар азырынча өз ара жашыруун кептерди жүргүзө башташканы каңкууланууда. Ошондо кимдер биригишет? Убакыттын өтүшүнө карай байкала баштамакчы. Аш-тойлордо, ар кандай иш-чараларда кезиге калышкан оппозициячыл маанайдагы лидерлер ынтымакка келүүгө батыныштыбы? Бул багытты тереңден баамдоо керек. Мунун баары президенттик шайлоого карай уюшулса, масштабдуу түрдө таасир жарата алышабы? Аламанга карай баш көтөрө турган саясатчылар мерчемин күтүшсө керек. Азырынча Садыр Жапаровго теңтайлаша турган каршылашы байкала элек. Негизи шайлоодо “кыл чайнашкан” атаандаштык жаралса, чыныгы элдин колдоосуна ээлик кылган мыктысы озуп келери белгилүү. 










