Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов: «Малды семиртип багууга 1 миллиард доллар берилсе, чоң секирик жасамакпыз»

Бакыт Мамытканов: «Малды семиртип багууга 1 миллиард доллар берилсе, чоң секирик жасамакпыз»

19-ноябрь, 15:54
4 485 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстан жылына канча эт өндүрөт, импорт, экспорт барбы?

-- Ооба, бизде импорт дагы, экспорт дагы бар. Болжолу менен 400 миң тонна эт өндүрүлөт. Мисалы, Америка дүйнөгө 12 млрд. долларга эт сатат, кайра 15 миллиард долларга эт сатып алат. Эттин бир категориясын сатышып, башкасын сатып алышат. Мындан коркпош керек. Кээ бирөөлөр билип-билбей, «өзүбүздө эт кымбат болуп жатса сыртка сатып жатышат» деп айта беришет. Бирок биз импортту тирүүлөй алып келип, бул жакта багып семиртип, кийин союп, этин сата беребиз. Ортодогу кызмат көрсөтүүгө коргон каражат Кыргызстанда калат. 

-- Азыр фермерлер «бодо малдын санын көбөйтпөй, сапатын жакшыртуу керек» деген сунуштарды айтып жатышпайбы, бул канчалык пайдалуу болот?

-- Мисалы, Англиянын территориясы 144 кв/километр, биздики 200 миң. Англиянын аянты кичинекей болгону менен 11 миллион бодосу бар. Бизде 1 миллион 725 миң. Германиянын 16 миллионго чейин малы бар. Бразилияныкы 200 миллион. Мен муну менен «биз 6 миллион уй кармасак дагы эч нерсе болбойт» деген ойду айткым келет. Кыйынчылык жаралбайт. Породалуу уйлар, албетте, экономикалык жактан пайдалуу. Алар этти жана сүттү көп беришет. Жакында Россиядан адистер келишип, конференция өтүштү, алар «колуңарда турган потенциалды туура колдоно албай жатасыңар» дешти. «Биздин малдардан алып багып, этин бизге саткыла» деп жатышат. Россия 2014-жылга чейин 8 миллиардга эт сатып алчу, учурда Уругвай мамлекетинен алып жатышат. Географиялык жактан алганда, Кыргызстан Россияга алда канча ыңгайлуу жана пайдалуу болот. «Бир уюмга мүчөбүз, бири-бирибизге кол суналы, бизден жем-чөп алгыла, малыңарды багып, этиңерди бизге бергиле» дешти. Себеби, кыргыздар мал бакканды билишет, жаратылышы таза, эти даамдуу. «Эмнеге ушуну колго алып өнүктүрбөй жатасыңар?» деп бизге таңгалып жатышат.

-- Эмнеге сатпай жатабыз?

-- Саясат жок. Маселен, «малды бордоо» деген бир дагы банктын тизмесинде жок. Муну айыл чарбасы эмес, коммерцияга теңешет. Жеңилдетилген насыя берилбейт, жылдык үстөгү 24 пайызды түзөт. Акча алганда банктар каражаттын жумшалышын көзөмөлдөп турушат да: «Кайсы жакка жумшалды, эмне кылды?» деп. Бул өзүбүзгө өзүбүз түзгөн тоскоолдук. Президентке, айыл чарба министрлигине кайрылуу жаздым, анткени кийинки жылы ФСК 9га, үстөгү 6 пайыздан кредит берүү каралууда. Бизге малды семиртип багууга 1 миллиард доллар берилсе, чоң секирик жасамакпыз. Эт импортко чыгып, Кыргызстанда баа арзандап баштайт. Учурда түрктөр менен сүйлөшүп жатам, алар айына миң тоннага чейин эт аларын айтышты. Түркияга 26 миллион турист келет экен, алардын баардыгына азык-түлүк керек болот. Ушу тапта 4 миллирд долларга чейинки каражатка эт сатып алып жешет. Орустар 8 миллиардга сатып алчу, кийинки жылы дүйнө жүзүнөн албай, Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн гана сатып алууну көздөшүүдө. Бул бизге абдан пайдалуу, болгону кырдаалды колго алыш керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер