Акыркы кабарлар
» Саясат » Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Иштен алынган директор кайра эле орун басар болуп дайындалганы туура эмес”
Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Иштен алынган директор кайра эле орун басар болуп дайындалганы туура эмес”
09-апрель, 20:38
3 765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Кундузбек Кошалиевич, Кара-Балтадагы аймактык ооруканада көз жумган тогуз балалуу аялдын өлүмү боюнча эмне айта аласыз?
-- Мага ал аялдын күйөөсү келип, окуя кандай болгонун бүт айтып берди. Балдарынын сүрөттөрүн кошо ала келиптир. Анын айтуусу боюнча, аялдын өлүмү врачтардын эле шалаакылыгынан болгон. Бейтап бүгүн саат үчтө ооруканага түшсө, эртеси күнү кесарево сечение кылышкан. Убакыт өтүп кеткен да. Анан аймактык оорукананын директорун жумуштан алышып, бирок кайра эле ошол ооруканага башкы дарыгердин дарылоо боюнча орун басары кылып дайындашканы чын болсо, бул өтө туура эмес нерсе. Мен ал маалыматты азыр кесиптешимен уктум. Албетте, алар деле аял өлүп калсын деген ой менен кылышпаган чыгаар. Шалаакылык болгон, этиятсыздыкка жол берилген, бирок алдын алуу иштери жүргүзүлүшү керек эле да.
-- Башкы дарыгердин орун басарын ким дайындайт? Министрби?
-- Мен анык билбейт экем. Балким, башкы дарыгер эле дайындап коёр. А балким, министр дайындаар. Кандай болгон күндө да бул туура эмес иш да. “Колуңардан эмне келди? Башкы дарыгерликтен алдыңар эле, мен кайра эле орун басар болуп келдим” дегендей болуп калган да. Андай жаман иш болгон соң башка жакка барып эле иштесе болмок.
Бөлүшүү:

«Азия Ньюс» гезити