Акыркы кабарлар
» Саясат » Эмилбек Абдыкадыров Бишкекти акыр-чикир калаасына айландырганы калды окшойт
Эмилбек Абдыкадыров Бишкекти акыр-чикир калаасына айландырганы калды окшойт
24-апрель, 21:31


Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров эң элементардуу акыр-чикирлерди убагында тазалатууну колго ала албай, аксап калды. “Тазалыктын” кызматкерлерине шарт түзүп бербей, алардын нааразычылыгын жаратты. Эмгекти жеген оңобу? Учурда шаардагы таштанды челектер убагында жыйналбай, чачылып, күн жылыганга кошул-ташыл сасып, терс көрүнүштү жаратты. Кыскасы, Эмилбек Абдыкадыров элдин кыжырына тийүү менен бийликтин саясый рейтингин түшүрүүгө гана жарачудай. Чарчап калган бул кадрдан жарытылуу деле майнап чыкпай калды окшойт. Эң жөнөкөй иштин өтөөсүнө чыга албаса, анан кайдагы реформаны айтасыңар?
"Азия Ньюс" гезити











