Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шамен Сыдыков:“Биз ар убак коон-дарбызды жолдо сатууга тыюу салып келебиз”

Шамен Сыдыков:“Биз ар убак коон-дарбызды жолдо сатууга тыюу салып келебиз”

12-август, 09:00
425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчисинин орун басары менен маек.

-- Учурда коон дарбыз сезону. Сатып алуучуларга адис катары кандай кеңеш бересиз?

– Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы тарабынан уруксат берилген кагазы барбы?” деп талап кылуу зарыл. Көчөлөрдө, жолдун боюнда дарбыз сатуучулар да көп. Биз буларды жалпы көзөмөлгө алып жатабыз. Дарбызды алып жатканда чертип көрүп, кестирип даамын сызып алыш керек. Айрымдар дарбыздын жарымын жеп, жарымын сактап коюп жешет. Сактоо мөөнөтү өтүп кетсе дагы адамдын уулануусуна алып келет.

– Мисалы, алыстан келген дарбызды дүңүнөн алышат. Анан дүкөндөрдө көпкө туруп калат. Булар сатып алуучулар үчүн кооптуубу?

– Эми дарбыздын бир айга чейин жетилүү убактысы бар. Бир айга чейин муздак жерде турса жакшы эле сакталат. Биз дүкөндөрдөгү коон-дарбыздарды да көзөмөлдөйбүз. Жогоруда айтылгандай эле дүкөндөрдөн деле санитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу кагазды талап кылсаңыздар болот. Адамдын коопсуздугу өзүнө зарыл. Өздөрү жакшы көңүл буруш керек.

– Жол жээгинде сатылган дарбыздар ден соолукка зыян алып келерин адистер белгилеп келишет…

– Жашылча-жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө тез сиңирип алышат. Биологиялык процессте жашылча-жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө сиңирип алышат да, кайра кычкылтек бөлүп чыгарышат. Ошондуктан, биз ар убак коон-дарбызды жолдо сатууга тыюу салып келебиз. Бирок жашоо ушундай, болбой эле сата беришет. Баарын кайра көзөмөлдөөгө биздин кызматкерлер жетишпей калат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер