Айбек Жунушалиев 1-сентябрда кызматынан кетеби?
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев троллейбустарды токтоткон демилгеси коомчулук тарабынан сынга кабылды. Бул эргул кайсы гана ишти баштабасын, тескери реакция жаратууда. Ататүрк паркындагы үйлөрдү түрттүрүп, талкалап салууга ашыкты эле, ал жердеги жашоочулар түп көтөрүлүшүп, каршылык көрсөтүштү. Мэрия артка чегинип калды, сүрдүрүү, өкүмзордук аракети ишке ашкан жок.
Анан калса, шаар ичиндеги гезит-журнал саткан киоскилерди четинен алдырып, кыянаттык жасап келет. Мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыров да ушундай калпыстыкка барып, кедеринен кеткен. Агартуучулукка, маалымат алууга кыйла бут тосушту.
Жаздан бери Асанбай кичирайонунда тротуарлар жасалбай, казылган боюнча жатты. Анысы аз келгенсип, чейрек кылымдан бери өсүп жаткан бактардын тамырына дейре доо кетирип, каздырып салган...
Шаардагы башаламан курулуштар уланууда, тартипке чакырган тийешелүү органдарды көргөн жокпуз. Кыскасы, Айбек Жунушалиев тажрыйбасыздыгы, алдыны көрө билбегени менен калааны өнүктүрбөй, артка тартып, “базарга” айландыруу ишпалдасын көрсөтүүдө.
Эске сала кетели, Садыр Жапаров күздүн алгачкы күндөрүнө чейин Бишкек мэрине убакыт берип, сыноо катары эскерткен. Ишин жөндөй албаса 1-сентябрда кызматынан кетет. Жыйынтыгында, чаржайыт, шалаакылык жагы ачык эле байкалып калды го?