Бир мандаттуу округдардан аялдардын чыгуусуна кыйынчылык жаралууда
Күздө өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу чолок ой айткым келип турат. Партиялык тизме (54) жана бир мандаттуу округдан (36) болуп, жалпы жонунан 90 депутат шайланып келет. Кеп кылайын дегеним, партиялык тизмеде кандайдыр бир гендердик (аял-эркек) саясаты каралгансыйт. А эмне үчүн бир мандаттуу округдан аялдардын укугу мыйзамда дааналап каралган эмес, привилегия (артыкчылык) жок. Анан да эң кызыгы, бир мандаттууда байлыгына чиренген, акчалуулар жана алардын 90 пайыздан ашууну эркектер экени көзгө сайбаса да көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө 40тан ашуун (дагы толукталат чыгар) талапкердин арасында жалгыз бир аял (орус улутунда) жүргөнсүйт, калганы бүтүн “кара кесектер” (баары эркектер). Бизде бычакка сап боло турган аялзаты жокпу? “Кылымда кыздын аты улук, кыргызда кыздын чачы улук. Кызыгын билбейт дүйнөнүн, кыз сыйлабас макулук” деген накыл кепти унутуп калдыкпы? Же Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан датка, Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова эне-эжелердин кыргыз тарыхында жараткан жигердүү эрдиктерин, эмгектерин чийип салабызбы?
Ооба, учурда парламентке теминип аткан белгилүү айымдар азыртан эле байлыктарына чиренген эркектердин чаңында калчудай сестенип, коркуп атканынан кабарым бар. Баардык өнүккөн өлкөлөрдүн парламентарийлеринде демократиялык принциптер сакталып, 50 пайыз аялдар отурат. А бизде “баягы, баягынын таягы” деген 10-15 пайыздан ашпаган жагдай кайталанганы калды көрүнөт. Эмнеге аялдарга бир мандаттуу округдан артыкчылыктар каралган эмес? Бу жагы кандай болот?
Урматтуу Садыр Нургожоевич, маселе жаралды. Аз да болсо убакыт бар. Баардыгы сизден көз каранды, бир айласын тапса болоруна көзүм жетип турат...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити