Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дубайда жылаңачтанып алып, фотосессия жасап жаткан кыздар камакка алынды

Дубайда жылаңачтанып алып, фотосессия жасап жаткан кыздар камакка алынды

05-апрель, 18:14
1 034 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дубайдын эң престиждүү катары эсептелген имаратынын балконуна жылаңачтанып чыгып алып, сүрөткө түшүп жаткан кыздар полиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу Sky News сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр”жазып чыкты.

Буга чейин ондон ашык жылаңач кыздар Дубай Марина районунда жайгашкан көп кабаттуу имараттын балконунан фотоссесия жасап жаткандагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга таркап кеткен.

Бул видео араб шейхтеринин да көңүлүн бурдуруп, кыжырына тийген.

Натыйжада, фотосессиянын катышуучулары полиция кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Ошондой эле бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, прокуратурага өткөрүлүп берилгендиги кабарланды.

Маалыматта порнографиялык материалдарды таратканы, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарына жана шариатка туура келбеген аракеттери үчүн кыздарга ири өлчөмдө айып пул салынып, эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган.

"Бул кечирилгис жүрүм-турум. Эмираттын коомунун баалуулуктарын жана этикасын чагылдырбайт", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер