Айбар Султангазиев: “Дал ушул маалда министрдин реформалары туу чокусуна келип жеткен”
-- Саламаттык сактоо тармагындагы будуң-чаң элдин маанайын түшүрүп койду, эл кимге ишенерин, кимге таянарын деле билбей калгандай...
-- Бүгүнкү күндө негизи дарыгерлердин маанайы түшүп турат деп ойлойм. Стабилдүүлүк жок. Ар бир келген министр “реформа” деп баштап коюп, орто жолдон калып жатат. Элибизге бул акыбал албетте терс таасирин тийгизүүдө. Экинчиден, учурда саламаттык сактоодо бул тармакка тийешеси жок абал да өкүм сүрүүдө, бири-бирине өчөшкөн башкы прокурор менен министр... Бул тармакка өзүнчө система түзүлүп калгандай: баары бири-бирине тааныштар, курсташтар, чогуу иштешкендер байланышып, чийеленишкен. Сырттан келип алып эле “өзгөртүүлөрдү киргизем, алым жетет” дешет. Мейли, президенттин колдоосу менен дейли, бирок президенттин деле алы келбейт да. Ылдый жактан акырындап баштап отуруп, өйдөлөй баштады, “жеке менчик клиникаларды, окуу жайларды жабам” деп чыкты. Алардын артында да адамдары бар да. Бул акыры башкы прокурорго чейин келип жетти. Дал ушул маалда министрдин реформалары туу чокусуна келип жеткен. Бул учурда бийликтеги төрт адам бири-бири менен келишпей калышты: президент, башкы прокурор, УКМК башчысы жана министр. Тигилердин да туугандары, жек-жааттары бар. Негизи эл анын ишин “туура” дешүүдө. Бирок министр айрым учурда мыйзам чегинен чыгып кетип жаткан. Таптакыр эле башаламандыкта иштөө ага деле оор. Бүгүнкү күндө деле бул иш аягына чыккан жок. Министрдин орун басарын “убактылуу” деп коюшту. Башкы прокурор да “убактылуу” кызматынан четтетилди. Баары “убактылуу” бойдон, суроо ачык турат.
Азыркы учурда саламаттык сактоо министрлигиндеги 80 адамдын ичинен эң чоң деген кызматтагы жыйырмадай адамдын орду бош. Канча деген буйруктар аткарылбай турат. Жаңылар келип жатат. Бирок алар таанышып иш баштаганча, келишим менен дары бере тургандарды, гранттарды алуу иштери менен таанышып ишке киргенче, дагы далай убакыт өтөт. Ошон үчүн системалуу иштер токтоп калды. Бири-бири менен кагышуунун ушундай терс таасири бар. Бүгүнкү күндө элдин баары коркуп, комиссиядан, тендерге катышуудан качышууда. Ошондуктан тендерлердин баары токтоп, ушундай терс көрүнүштөр менен коштолууда.
Эми акыры баары ордуна келет. Менин оюмча, министрди сотко беришти. Эгер аны актап коюшса, кайра жумушка чыгат. Министрликтеги “убактылуулук” ошону көрсөтүүдө. Бирок бул абалдан саламаттык сактоо министрлиги жабыркап жатат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити