Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Июнь айынан тарта Ош менен Бишкекте боор алмаштыруу боюнча операциялар башталат”

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Июнь айынан тарта Ош менен Бишкекте боор алмаштыруу боюнча операциялар башталат”

18-март, 19:30
261 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек Зулпукарович, органдарды трансплантациялоо боюнча Түркиядан келген адистерди коштоп жүргөнүңүздү көрдүк. Кыргызстанда органдарды которуу боюнча операциялар качан башталчудай?

-Бул ишти 2022-жылы президентибиздин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев менен Аманбай Өмүрзаков башташкан. Түркиялык адистер Кыргызстанга келишип, саламаттык сактоо министрлиги, медициналык академия, Ош университети менен жардам көрсөтүү боюнча меморандум түзүп кетишкен. Биздин президентибиз ушул маселе боюнча Түркиянын президентине кайрылганда Реджеп Тайип Эрдоган мырза өзү Малатья шаарындагы Инону университетине тапшырма бериптир. 2023-жылдан бери булар биздин 65 дарыгерди окутту. Алардын арасында хирургдар да, медайымдар, лаборанттар да бар. Жөн гана окутпай, бекер жатакана, бекер тамак менен да камсыз кылды. Азыркы келген делегация биздин ооруканаларды көрүп атышат. Июнь айынан тарта Ош менен Бишкекте боор алмаштыруу боюнча операциялар башталат. 

-Биздин ооруканалар даярбы ошондой операцияларды жасаганга?

-Президентибиз ошол даярдыктар үчүн үч айга каражат бөлүп бере турган болду. Операциялар Мамбет Мамакеев атындагы ооруканада жана Ош университетинин клиникасында жасалат.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер