Шаршен куудулдун жаңы жылдык азил тамашасын Келдибек Ниязов келтиргенде


Бул окуяны мага Келдибек Ниязов агам Токтосун Тыныбековдон укканын айтып берген. “1938-жылдын 31-декабрында кудум кийинки коён жылы 1939-жылды тоскондогу жагдай. Мындан 84 жыл мурун болгон азил окуя” деди. Анда Шаршен Термечиков куудулдун жолдо калган жоругунан кеп салалы...
1938-жыл жаңы эле жаңырган. Эки күн өтпөй залкарлар бир жерде чогулуп калат. Анда Шаршен куудул “жыл башында төркү үйүмө балаты отургуздум. “Буюрса, кийинки жаңы жылды биздикинен тосуп, ёлкамды көрөсүңөр” деп калат. Көбү түшүнбөй, “Шаршендин баягы жолдо калган бир жоругу болсо керек” дейт. Ошентип жаз, жай, күз өтүп, кыш келет. Баягы Шаршен залкарлар менен капыл-тапыл жолугуп, “Мутаке (Мураталы Күрөңкеев), Каке (Калык Акиев), Осоке (Осмонкул Бөлөбалаев), Алыке (Алымкул Үсөнбаев), баягы балаты жетилип ёлка болду. 31-декабрь күнү түнкү саат 10до баарыңарды үйүмдө күтөм. Көрүндүгүңөр чоң болсун. Куру кол келгендерди Макубек (Шаршендин байбичеси) киргизбейт, ёлканы көргөзбөйт. Анда күтөм” деп кетип калат. Анда Калык аксакал “бу Кудай ургурдун айткандары чын окшойт. Ар бирибиз колдон келген көрүндүктү көтөрүп алып Шаршендин үйүнө баралы. Барбасак таарынып калат” дейт да, өзү базардан килейген бир ирик сатып алып, аны Токтосунга жетелетип алат. Молдобасан аксакал бир казан Ак-Талаанын күчтүү бозосун флягага куйдуруп, эки жигитке көтөртүп алган. Мураталы аксакал байбичесине кийим-кече көтөртүп барат. Алымкул аксакал болсо тайдын, куйкаланган койдун эттерин куржунга салып, Төлөшкө артып коёт. Осмонкул акын Канттагы бир орус досунан килейген каздын этин бышырып, байбичеси экөө келет. Коноктор келген учурда Шаршен төркү үйүнө чындап эле балатынын көчөтүн тамыры менен аң казып отургузган экен. Тегерек четин алакийиз, шырдак менен жаап коёт. Ар бир бутагын кызыл-тазыл чүпүрөк менен кооздоп, колуна тийген оюнчуктар илинген болот. Ошону менен катар төрт чарчы бүктөлгөн ак кагаздар бар экен. Аларды көргөн Алымкул “оңбогон Шаршен, биз сени тамашалап, ойдо жок жорук-жосун кылып атабы десек, сен чындап эле “жолке” тиккен турбайсыңбы” дейт. Анда Шаршен “урматтуу мен сыйлаган залкарлар, курдаштар, эми таң-тамашага өтөлү. Силердин тил менен айтканда, мобу “жолкеде” кагаздар турат. Улуулата алып, ичин ачып окуйсуңар. Эмне деп жазылса, ошону таккесе аткарасыңар. Аткарбасаңар Кудай кырсыктатып коёт!” дейт. Аксакалдардын эң улуусу Мураталы болгондуктан биринчи болуп кагазды алып ичин ачат. Ал жерде “Шаршенге 1 сом, Макубекке 1 сом бересиң” деп жазылган болот. Келген коноктор кыраан-каткы күлүп жиберишет. Анын да себеби бар эле. Анткени Мураталы аксакал ошол жердегилердин эң зыкымы экен. Айласыздан, ары кашынып, бери кашынып атып, байбичесинин катып койгон коңулдагы бетаарчысын алып чыгып, “жолкеге” жашынып, чукуланып атып эки сомду бир-бирден Шаршен менен байбичесине карматат. Ошондо Калык аксакал “оңбогон Шаршен, сен муну атайын эле Мутакеден акча өндүрүш үчүн кылдың” деп, андан кийин оюн-зоок, таң-тамашага өтүшөт. Бири созолонто ырдайт, ак таңдай акындар жамгырдай төгүп берет. Мутакебиз кыл кыягын сыздатат. Алгач Осмонкулдун казы желет. Каздай болуп учканы калганда Модобасан аксакалдын бир фляга бозосу кап ортосуна келген болот. Аңгыча куйкаланган койдун, тайдын бышкан эттери келген коноктордун ашказанын көздөй жөнөп атканы байкалат. Мыскал эжебиз “Акбермет” ырын бир созгуча, Шекербек Шеркулов “Үч муунак” күүсүн “тытат”. Адамкалый Байбатыров адатынча куурчактарын ала келген экен, “жолкени” эки айлана тамашаны баштаган кезде саат түнкү 12:00 болуп, ар бири кол кармашып алып “жолкени” эки-үч сыйра тегерене ырдап, жаңы жылдык жакшы каалоо-тилектерин арнашат. Ага улай Шаршен куудул “келгиле коноктор, Калыктын калкып келген иригинин эти бышты, кыргыздын сый тамагы эмеспи” деп сый тамактан кийин таң аткыча улуу-кичүү залкарлар тамаша менен отурган экен...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити