Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кан түстөнгөн 101 роза чачылып кала берди...

Кан түстөнгөн 101 роза чачылып кала берди...

04-февраль, 12:36
1 297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экөө жолугушуп жүргөндөн бери арадан бир жыл убакыт өттү. Экөөнүн сүйүүсү дале таттуу. Бири-биринен эч ажырагылары келбейт. Кол кармашып, турмуш толкунун жиреп өткүлөрү келет. Эчак эле баш кошуп, бактылуу үй-бүлө болуп алышмак. Азиздин апасы алыскы чет өлкөдө эле. Экөө Азиздин апасын чыдамсыздык менен күтүп жүрүштү. Апасы “бир ай аралыгында келем” дегенден бери экөөнүн жүрөгү алып учат.

***

Чылк бүркөлгөн асман. Булут да жок, күн да жок. Асел терезеге тигилип турду. Телефон шыңгырады:

-- Саламатсыңбы Аселим! Бүгүн экөөбүздүн кыз-жигит болгонубузга бир жыл толду.

-- Мен да абдан күткөн күн.

-- Бүгүн да баягы жерден жолугалы. Ошол ресторанда кечибиз улансын.

-- Жолугушканча анда!

-- Жолугушканча!

-- Бирок аба ырайы өтө эле үтүрөйөт го... Мага анчалык жакпай турат. Балким, үйдөн эле белгилейбиз.

-- Бул эмне дегениң?

-- Аба ырайы өткөн жылы да ушундай болчу.

-- Бирок... - Асел жетишпей калды, трубка коюлуп, түүт-түүт....

Аба ырайы бузулгандан бузула берди. Катуу шамал, бороон-чапкын, анан катуу төккөн жаан бир заматта үрөйдү учурду. Асел кайра-кайра саатын карайт. Жүрөгү опкоолжуйт. Кайра терезеге барат. Кайра телефонун кармалайт. Айтор, бир башкача болуп турду. Мына саат алты болду. Азизден дайын жок. Санаасы тынбаган Асел анан чала баштады. 

“Абоненттин телефону өчүрүлгөн же аймактан тыш жерде” кайра-кайра ушул сөз кайталанат. Аселдин эми чындап үрөйү учту. Азизге эмне болду? Балким ишинде кармалып калды... Жок, анда дайынын билдирмек. Ой артынан ойлор келе берди. Асел минтип жанын коёрго жер таппай отурганда капысынан телефон шыңгырады, Азиздин номери.

-- Алло, Азиз!

Бейтааныш үн:

-- Алло, сиз Азиздин кимиси болосуз? Сиз жакын адамы болсоңуз керек?

-- Ал-ло, Азизге эмне болду?! Азизге эмне болду?!.

-- Бул жерде кырсык болуп кетти, келип калсаңыз! Алло, угуп жатасызбы?

Асел үзүл-кесил даректи эшитти. Дароо сыртка чуркап чыкты. Таксилер да чымын-куюн токтобой  өтүп жатты. Алдынан тосуп жатып эптеп бир таксини токтотту. Автокырсык болгон жерге учуп жетти.

Адамдар толуп алган. Милициясы, “тез жардам”, баары жүрөт. Жолдун ортосунда кан түстөнгөн розалар чачылып жатат. Анан канга чыланган Азиз. Асел чаңырып барып топту жарып, Азизге жүткүндү. Азиздин көкүрөгүнө башын коюп, “Азиз, көзүңдү ач! Көзүңдү ач!” деп ыйлап жатты. Азиз үн катты:

-- Кечир жаным. Сени күттүрүп койдум. Бул гүлдөр сен үчүн болчу. Кечир мени!..  

Экөөнүн тең көздөрүнөн жаш куюлуп жатты.

-- Мен сенден суранам, Азиз! Мени таштаба, Азиз!..

-- Кечир мени... Кечир мени, менин Аселим... Асылым менин. Ыйлабачы, баары жакшы болот... - өңү кубаргандан кубарып бараткан Азиздин жаны үзүлүп кетти...

Жарданган эл эс-учун жоготуп бараткан Аселди четке сүйрөп чыгышты. “Тез жардам” Азизди салып алып баратты. Анын кан түстөнгөн 101 розасы чачылып кала берди...

Чылк бүркөлгөн асман... Эки жаштын айрылуусуна ыйлагансып кара жаан төгүп жатты. Көзүнөн жашы куюлган Асел өзүн унутуп, кайдадыр, кайдадыр кетип баратты... Ыйлап баратты... Боздоп баратты...

Нура АБДЫБЕКОВА
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер