Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жупуну” деп мени чандың, эми бай аялың баркыңа жетеби?

“Жупуну” деп мени чандың, эми бай аялың баркыңа жетеби?

03-март, 18:00
2 997 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз кыз-жигит болуп үч жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Бул үч жыл аралыгында далай ирет суугуңа тоңуп, ысыгыңа күйүп, бактылуу да, кайгылуу да күндөрдү баштан кечирдик. Биз жаңыдан таанышкан кезде студенттик куракта болсоң, окууңду ийгиликтүү аяктап, бакыйган жакшы жумушка орноштуң. Ортодо жол кырсыгына учурадың. Ошондо сени жоготуп алуудан коркуп, күндөп-түндөп боздоп-сыздап ыйлаганымды айтпа. Сабагымдын, жумушумдун баарын токтотуп коюп, жабыркатып алган бутуң айыкмайынча жаныңда болдум. 

Биз жетелешип жүрүп жаштыктын бактылуу күндөрүн кечирдик. Күн аралатып тартуулап турчу кыпкызыл розаларыңчы?.. Кыштын суугуна тоңуп, жаздын жамгырына калып, күздүн төгүлгөн, шуудураган жалбырактарына суктанып, бири-бирибизге тойбой, сүйүүгө балкыган күндөбүздү кантип унуттуң?!

Негедир акыркы күндөрү сен өзгөрө баштадың. Башка адамга айланып бараткандайсың. Менин көңүлүмдү калтыра турган сөздөрдү айтып жүрүп, акырында башка кызга үйлөнүп алганың ичти күйгүздү! Атасыз өскөн жупуну турмуштагы мендей жөнөкөй кызды чанып кеттиң. Эми атасынын байлыгына, бийлигине ишенген ак сөөктүн кызы сага кандай жубай болуп берер экен? Ал аялыңа сенин кандай сезимдериң бар? Чын жүрөктөн сүйө алдыңбы? Эми сенин алдыдагы жашооң туман бойдон калды... Баары бүттү! Эми мен кайдадыр жок болом, төмөндөгү акындын саптарындай:

“Бирок бил, отко түшүп бүт жандүйнөң,

Баркымды билген кезде мен жок болом...”

Сайра Азим кызы

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер