Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди (тизме)
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
-- Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
-- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
-- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
-- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
-- Жогорку Кеңештин төрагасы;
-- Министрлер кабинетинин төрагасы;
-- Президенттин администрация башчысы;
-- Мамлекеттик катчы;
-- Башкы прокурор;
-- Коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
-- Тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
-- Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
-- Ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
-- Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.