Чабал күйөөмдү таштасамбы? Бай жана түшүнүктүү адамга азгырылып баратам...
Мен турмушумда ар убак өзүмдөн бир топ жаш улуу адамдарды тандачумун. Бирок баары жашоодо жол таппаган, жалкоо адамдар болуп чыкты. Ошентип жүрүп азыркы күйөөмдү кезиктирдим. Ал мурдагылардай менден улуу эмес. Тескерисинче, бир аз кичүү болуп чыкты. Ал көңүлү таза, мени жакшы көрөрүн да билем. Жашаганыбызга беш жылдын жүзү болду. Бирок, жашоодо ар убак жол көрсөтүү менен алекмин. Ошон үчүн көбүрөөк да урушабыз. Кээде тажайм. Ортобуздагы ажырымды байкайм.
Жакынкы күндөрү жумушумдан көтөрүлүп, башка жамаатка жетекчи болуп бардым. Өзүмө жаккан кесип болгондуктан, ишим ийгиликтүү жүрө баштады. Ошол күндөрү мен иштеген компаниянын ээси менен тааныштым. Ишке каныгып, көптү көргөн адам, айттырбай оюңду түшүнөт. Анын жанында акылына, жардамына муктаж жана өзүмдү алсыз, акылсыз сезем. Эми экөөбүз жакшы мамиледе болуп, кыйын абалга тушуктум. Мени жакшы көргөнү үчүн күйөөмдү аяп кетем. Алдыдагы күндөрүм туман...
Аксана
"Азия Ньюс" гезити