Кечээ Ш.Ташиевди “кыялданган” С.Рустамбек уулу шайлоодо ажого иштеп береби?


Артка кылчаялы. Парламент залынан орун алуу саясаты... Советбек Рустамбек уулу атайын суранып, Шайырбек Ташиевдин жанына отурууга жанталашканбы? Бирок “кыялына” жетпей калганын көрдүк. Бул боюнча ЖКда бүйүр кызыткан кептер козуган. Ал эми учурдагы позициясы кандай? Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров үчүн иштеп берүүгө жанталашып, кошомат кылуунун “мастер классына” өткөн кербезиби? Өзүн Ноокаттын мыктысы катары сезип, талпынып турган чагы. Саясат сымап сымал кылтыңдап турарын аңдабайт окшойт. Арканды алыс ыргытпай эле жагалдануунун “жармасын чала” берсе, эртеңки күнү кантет?
А баса, Ноокатта карапайым калк үчүн соода логистикалык борбор куруп аткан Жусупбек Коргонбай баатыр турганда, Советбек Рустамбек уулуна лидер болууну суутуп коюптурбу?











