“Коррупция – тирүү организм сыяктуу нерсе, ага каршы тынымсыз күрөшүү керек”


-- Коррупцияга каршы күрөшүү катуу жүрүп жатат. Бирок ошол эле учурда тыйылган жери жок. Мындан өзгөчө дагы кандай аракеттер керек?

Кенешбек Сайназаров, билим берүү боюнча эксперт:
-- Өтө оор суроо. Тамырын азайтуу үчүн үч нерсени колго алуу керек. Биринчиден, тыюу салуу, штраф, коркутуп-үркүтүү, каматуу аркылуу эмес, ниетти оңдоо, стимулдаштыруу, мотивдештирүү аркылуу жетишет белек (?) деген ойдомун. Экинчиден, ачыктык, транспаренттүүлүк, кабыл алынган чечимге жоопкерчилик, чечимдердин критерийлеринин алдын ала ачыктыгы, баалоонун айкындыгы коррупциянын алдын алганга өбөлгө түзмөк. Үчүнчүдөн, элдин ичиндеги агартуучулук, коом арасында жакшы саамалыктарды “ийгилик тарыхы” кылып көрсөтүү да жардам бермек.

Замир Айылчиев, эл аралык эксперт:
-- Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөш аябай жогорку деңгээлде жүрүүдө. Эң башкы себептердин бири президентибиздин саясый эрки бар, ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин талыкпаган эмгегинин натыйжасы жана жалпы команданын күжүрмөн ишмердүүлүгү десек болот. Ал эми коррупциянын тыйылбай жатканы – биз өсүп келе жаткан муунга: бала бакчаларга, мектептерге, ЖОЖдорго түшүндүрүү, профилактикалык иштерин жүргүзүшүбүз шарт. Ушундай эле иштер мамлекеттик институттарда да жүргүзүлүшү керек. Бул жакта адамдын тарбиясы, үй-бүлөдөн алган маданияты ошол нерсенин баары коррупция менен күрөшүүгө салым кошот. Ата-энелердин ролу да абдан чоң. Укуктук база боюнча айта кетсек, бизде абдан мыкты мыйзамдар кабыл алынган. Бүгүнкү күндө 2025-2030-жылга чейин мамлекеттик стратегия кабыл алынып, президент кол коюп берди. Бул чоң жетишкендик. Себеби, бир канча европалык мамлекеттерде биздикиндей антикоррупциялык стратегия жок.
Президенттин коррупцияга каршы ишкердик кеңеши бул багыттагы кылмыштуулукту алдын алууда бир катар коомдук уюмдар менен иш алып барып, түшүндүрүү аракеттерин көрүп, миңдеген адамдар мамлекеттеги уурдоонун зыяны тууралуу маалыматтарды ала алышты. Коррупция менен күрөш 2-3 жылда, же 10 жылда бүтүп калчу нерсе эмес. Бул ар дайым тирүү организм сыяктуу күрөшүп турчу нерсе. Мисалы, Сингапур коррупция менен жыйырма жылдай күрөшкөн. Бизге да бул нерсеге убакыт талап кылынат. Ошондуктан алдыдагы беш жылдыкта ушундай темп менен кете турган болсок, Кыргызстан дагы көп иштерди аткарат.
"Азия Ньюс" гезити











