Бүгүн кадыр түн, кантип туура тосуу зарыл?

Кадыр түн – ислам дининдеги эң ыйык түндөрдүн бири. Бул түн өзүнүн өзгөчөлүгү – орозо айынын акыркы он күнүнүн так күндөрүнө жашырылганы, сырдуу кылынганы. Ислам дүйнөсүндө кадыр түндү орозонун 26-күндөн 27-күнгө караган түнү деп эсептешет.
Кадыр түндүн артыкчылыктары
“Кадыр” деген сөз араб тилинен келген. Кыргызча которгондо “урматтуу” деген маанини билдирет. Экинчиси, бир жылда болчу нерселер кадыр түндө жазылат деген түшүнүк бар.
Орозо айында Куран түшүрүлгөн. Жараткан куранды Жебрейл периште аркылуу Мухаммед пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) түшүргөн. Эң маанилүүсү – бул күнү периштелер түшө турган күн.
Кадыр түндүн белгилери кандай болот?
-- бул түнү ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мээлүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал болбойт;
-- бул түн тынч, бейпил келип, асман булутсуз жана жаансыз болот;
-- бул түндө жылдыздар (кометалар) учпайт;
-- күн чыкканда ай толгон убактагыдай нурсуз чыгат, анткени бул түнү периштелер жерге түшүп, таң атарда кайра асманга көтөрүлүшөт. Алардын көптүгүнөн күндүн нуру көрүнбөйт.
Ислам дүйнөсүндө кадыр түн 26-күндөн 27-күнгө караган түнү кармашат. Бирок акыркы 10 күндүктө кадыр түндү издеген жакшы. Себеби, пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) акыркы он күндү мечитте өткөргөн. Ошондуктан ким кадыр түндү өткөрөм десе, акыркы 10 түндөн издеши керек.