Илимпоз Айнура Жоробековага көп асыла бербей, арканды алыс ыргыткыла...
Дипакадемиянын кафедра башчысы Айнура Жоробекова орус тилинин артыкчылыктарына баа берип, айрым жалган улутчулдарга карата сын-пикир айтса, аны төөбастыга алышып, “тепкилеп” жатып калышты. Негизи кур намысчылар көбөйүп, эптеп эле кылдан кыйкым издешкенине таңбыз!
Жогорку Кеңештен Камила Талиева жагымсыз үнү менен чыңырып чыкса, төрага Нурланбек Шакиев аны колдоп, тим эле Айнура Жоробекованы жер менен жексен кылууга шымаланып калышыптыр. Ушундай адамдардын бар экенине таңгаласың да! Идиректүү кыргыз коомчулугу орус тилдин аркасынан дүйнөнү таанып, билим алып, эл катарына кошулуп атабыз. Расмий статустун сакталып турганы өтө маанилүү. Бул жагын колдош керек. Миллиондон ашык мигранттарыбыз Россияда баш калкалашып, иштеп жатышат, өлкөбүзгө миллиарддаган акчаларды жөнөтүшүүдө.
Натыйжада, эне тилибизди биринчи иретте аздектеп, жалган кыйкырыктар менен эмес, ички дүйнөбүз аркылуу бапестейли. Жөн гана тамды сүзгөндөй образдан алыс бололу. Качан гана экономикабыз көтөрүлүп, мамлекетибиз өнүгө баштаганда, кыргыз тилинин да аброю артат. Буга чоң акылдын кереги жок. Чечмелөө да кажетсиз. Айрым түшүнбөгөн түркөйлөргө чайнап берсең да “окшуй” беришет.
Андыктан, илимпоз Айнура Жоробековага көп асыла бербей, арыдан бери болуп, арканды алыс ыргытканды үйрөнсөңөр. Эң жок дегенде Айнура айымдай билимге ээ болуп, анан сынтаксаңар кичине окшошот. А болбосо соцтармактан “кандек иттей” каңкылдай бергендер элди тажатып бүтүштү. Алардын үндөрү да ачуу, тилдери уу...
"Азия Ньюс" гезити