Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Чет элден каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарды тескейбиз”

Турсунбек Акун: “Чет элден каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарды тескейбиз”

07-август, 15:29
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, жаңы эле түзүлгөн “Келечекке жол” мониторинг борбору “чет өлкөлөр Кыргызстандын парламенттик шайлоосуна кийлигишүүсүнө укугу жок” деген позицияңарды билдирип, кайрылуу жолдодуңар. “Парламенттик шайлоого чет мамлекеттер кийлигишет” деген кооптонуу күчпү?

-- Албетте, кооптонуу бар. Анткени, буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоого байкоо салып көрсөк, башка өлкөлөрдүн бизде өткөн президенттик жана парламенттик шайлоого кийлигишкен жана кыйыр таасир эткен учурлары жетиштүү эле болгон. Ошондой эле дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө бир өлкөнүн шайлоосуна башка өлкөлөрдүн одоно кийлигишкендиги боюнча фактылар ачыкка чыгып, парламенттеринде жана массалык маалымат каражаттарында катуу талкуулар болуп, жыйынтыгы дүйнөлүк жаңжалга да алып келген учурлар бар. Башка мамлекеттердин шайлоосуна кийлигишүүнүн кесепетинен дүйнөлүк салмагы жана аброю бар мамлекеттердин ортосунда катуу конфликттер, карама-каршылыктар болуп, өз ара мамлекеттер аралык мамилеге терс таасирин тийгизип, саясый, экономикалык жана башка маанилүү байланыштар үзүлүп, чоң жоготууларга учураган мисалдар арбын. 

Айталы дегенибиз, мына ушундай маселенин айынан Америка менен Россия Федерациясынын ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги чыр-чатактар орун алып, эки мамлекеттин жетекчилиги расмий түрдө бири-бирине иш сапары менен бара албай, көптөгөн маанилүү иштер токтоп, өлкөлөр аралык мамиледе кризистик абал жаралды. Ошон үчүн андай нерселерге жол бербейли, парламенттик шайлоого тышкы күчтөр, башка чет элдик мамлекеттер таасир этүүсүнө каршы туралы, шайлоого кийлигиштирбейли. Себеби, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо – бул Кыргызстандын жарандарынын ички иши.

-- Айтканыңызга ынаналы, чет мамлекеттер Кыргызстандагы шайлоого ким аркылуу таасир этет жана кантип кийлигишет?

-- Алардын кийлигишүүсү минтип башталат: саясый салмагы жок бир партия башка өлкөнүн берген чоң суммадагы каражатына шайлоого карата ийгиликтүү даярдыктарды жүргүзүп, парламентке келгенден кийин акча берген кожоюндарынын “ырын ырдай” баштайт. Тагыраагы, чет өлкөлүктөр акча бөлүп, парламентке алып келген партиясы аркылуу өлкөнүн саясый процессине чоң таасирин тийгизип, өз кызыкчылыктарын ишке ашырууга далалат жасашат. Кыргызстанда андай учурлар да болгон. Аны саясатчылар унутушканы менен эл унутпайт.

-- “Чет элдиктер акча бергенден кийин өз кызыкчылыгын ишке ашырууга аракет кылат” деп кооптонгонуңуз менен башка мамлекеттен ачык эле колдоо издеген саясатчылар деле бар го?

-- Ооба. Бирок, президенттикке талапкерлер башка өлкөнүн кожоюндарына жүгүрүп барып колдоо сураганы Кыргызстандык шайлоочулардын кыжырын келтирип, катуу чууга айланган. Эсиңизде болсо, ошол саясатчынын айынан чек ара жабылып, коңшу өлкө менен өз ара мамиле бузулуп, акыры анын тескери таасирин карапайым эл тарткан. Ошон үчүн башка мамлекеттен колдоо табардан мурун “өз элибизге кесепети тийип калбайбы” деп ойлонушубуз керек. 

-- Ошондо шайлоо алдында грант же каржылык жардам көрсөткөндөр да бир нерсени көздөшөбү?

-- Ошондой десек да болот. Көбү болбосо да кээ бир мамлекеттер грант бөлүү же башка каржылык жардам көрсөтүү аркылуу Кыргызстанда өткөн шайлоолорго түз жана кыйыр түрдө кийлигишип, таасир тийгизүүгө аракет кылышат. Алардын аттарын атабаганыбыз менен аракеттери коомчулукка белгилүү.

-- Эми сиз жетектеген “Келечекке жол” мониторинг борбору чет өлкөлүктөрдүн шайлоого таасир этүүсүнө каршы турабы?

-- Каршы турат. Тагыраагы, буга чейин тышкы кийлигишүүлөр тууралуу көзөмөлдөгөн жана байкоо жүргүзгөн эч бир уюм же жарандар болгон эмес. Ошондуктан алдыда боло турган парламенттик шайлоого башка өлкөлөрдүн тышкы кийлигишүүсүн болтурбоо үчүн тыкыр байкоо жүргүзүү, абалды системалуу түрдө көзөмөлгө алып туруу максатында түзүлдүк. 

Мындан тышкары, “Келечекке жол” мониторинг борбору Кыргыз Республикасынын территориясындагы чет элден каржыланган кээ бир массалык маалымат каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын иштерине да мониторинг жүргүзө алат. Ошондой укукка ээ.

-- Сиз жетектеген борбор чет элдиктер шайлоого кийлигишип жатканы байкалып калса, кандай жол менен күрөшөт жана кантип тартипке чакырат?

-- Парламенттик шайлоого даярдык көрүү учурунда чет элдик кийлигишүү фактылары катталса, аталган борбор бул маалыматты ошол замат коомчулукка чыгарып, болгон чындыкты Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына жеткирип, тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылып, бул ишке мыйзам чегинде тийешелүү чара көрүү жагын суранабыз.

Кыскасы, алдыда өтө турган парламенттик шайлоого чет өлкөлөр, тышкы күчтөр кийлигишпей, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирбей, Кыргызстандын жарандары гана өз эрки менен жеке тандоосу аркылуу эл өкүлдөрүн шайлап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз зарыл.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер