Үч жолу боюман алдыргандан кийин токол болуп тийип, эгиз төрөдүм...
Мен анда 18ге чыга элек болчумун. Ал жигит менен тоодон таанышып калгам. Кичине сүйлөшүп, анын таттуу сөздөрүнө арбалдым. Телефон номеримди бердим. Экөөбүздүн СМС жазышкан күндөрүбүз бакытка айланды... Эки айдан кийин мен 18 жашка чыктым. Арсен мени куттуктап, сонун шакек, көңүлдү көтөргөн гүлдөр менен куттуктады. Арзуум ансайын от болуп жанып, кубанычымда чек жок эле...
Арсен менден 15 жаш улуу болчу. Үй-бүлөсү да бар. Баарын билип турсам да, азгырыла бердим. Таттуу өбүшүүлөр, эркелеген күндөр... Биз тез-тезден жолугабыз. Бир күнү ал кызуу келди. Машинада өбүшүп жатып, мен өзүмдү кармай албай калдым. Баарына макул элем. Ошентип, Арсен менен жатып койдум... Биз ого бетер бири-бирибизге байланып калдык. Аялы билип калып, көп жолу уруш салды. Кыз-жигит катары эки жыл жүрдүк, үч жолу боюмдан алдырдым, таблетка ичип. Анан бир күнү төртүнчү ирет да боюма бүтүп калды. Айлам кетти. Арсен үй-бүлөсүн таштабайт. Чатак чыкты. Мен ага токол болуп тийеримди айттым. Ал макул болуп, ата-энемден колумду сурап келип, үч миң доллар жана белектерди тапшырды. Арсен ата-энесин, жакын туугандарын чакырып, жаңы сатып алган квартирасына чакан той өткөздү. Аялы акыры билип калып, биздин үйгө чейин келип кеткен. Эшикти ачпайм да. Күйөөм байбиченин да көңүлүн калтырбай, экөөбүзгө бирдей мамиле жасаганычы? Төрөгөнгө аз калганымда күндөшүм бет алдыман чыкты. Тиктешип калдык. Бирок, урушпадык. Жай сүйлөштүк. Үч уул, бир кызды чоңойтуп атканын айтты. Анын да боюнда бар экен. Биз туура түшүнүштүк...
Көп өтпөй мен эгиз уулдарды төрөдүм. Өзүмдү чыныгы жубай, бактылуу катары сездим. Байбиче да жарым жылга жетпей көз жарды. Биз эки башка үйдө жашаганыбыз менен кээде сүйлөшүп турабыз. Балдарыбызды чогуу ойноткон күндөр да болот. Мен бактылуу жармын. Азыр да жети айлык боюмда бар...
Саку, Бишкек шаары
Aryba.kg