Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Административдик-аймактык түзүлүштүн татаалдыгы же Төлөбек агабыздын төлгө ташы

Административдик-аймактык түзүлүштүн татаалдыгы же Төлөбек агабыздын төлгө ташы

03-февраль, 17:06
14 052 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуусунда административдик-аймактык түзүлүштүн реформасы тууралуу суроого “бул реформа боюнча комиссия иштеп, анын жыйынтыгын чыгаруу жакындап калды. Бирок, ал тууралуу так айтуу али эрте. Бул маселеге биз шайлоодон кийин кайрылабыз” деп кыска гана белгилеп кеткен. Мамлекет башчысынын мындай бүдөмүк жообу эки жыл мурун башталган административдик-аймактык түзүлүштү жаңылоо иши эмне себептен артка жылдырылып жатат (?) деген суроо коомубузда терең тынчсыздандууну пайда кылып, ар кандай ой-пикирлерди жаратууда. 

Биз Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович – юридикалык илимдин кандидаты, республикага эмгеги сиңген пенсионер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондорду өнүктүрүү боюнча экс-министр менен ушу темада аңгеме-дүкөн курдук.  

-- 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган административдик-аймактык реформаны кечикпей баштоо бийлик үчүн ушунчалык эле оор маселеби, же муну “тормуздаган” объективдүү шарттар барбы?

-- Республикабыздын административдик-аймактык түзүлүшүн кайра куруу маселесинин мамлекеттик деңгээлге көтөрүлгөнү чейрек кылымдан ашып, көп суроолорду жаратып келүүдө. Тереңдеп изилдей келгенде, мындай абалдын себеби, азыр биз талкуулай турган аймактык түзүлүштүн өлкөбүздөгү коррупциянын өсүшү жана регионду өнүктүрүү маселелери менен “сырдуу” байланыштары бар экендигинин изин көрүүгө болот. Бирок, үчөөнүн ичинен коррупция менен регионалдык маселелерди чечүүгө көңүл бурулуп, административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо артка жылдырылууда.  

-- Бизге белгилүү болгондой, республиканын аймактык түзүлүшүн реформалоо боюнча мурдакы мамлекет башчылары дагы атайын жарлыктарын чыгарып, бир катар чараларды жүзөгө ашырууга аракет жасашкан экен. Бул иш-чаралардын жыйынтыгы кандай болду? 

-- Бул суроого так жооп бериш үчүн тарыхый фактыларга кайрылуу зарыл. Эң биринчи аракет СССРдин убагындагы кайра куруу саясатынан пайдаланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши республиканы жаңылоо ишин административдик-аймактык түзүлүштү өзгөртүүдөн баштаган. Бул максатта 1990- жылдын 14-декабрында Кыргыз ССРи Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынан турат деген чечим кабыл алынып, мындай жаңылыкка Москва да макулдугун берген.    

Эгемендүүлүк колго тийгенде, Кыргызстан демократия менен рыноктун “касиеттүү” күчүнө таянып, тез оңолуп кетет деген үмүт ишке ашпай, “базар – барга таттуу, жокко ачуу” болуп чыккан. Мындай шартта мамлекеттик аппаратты кармоо кымбатка турарын сезген “легендарлуу парламент” көсөмдүк кылып, Кыргызстандын 1993-жылдагы алгачкы Конституциясына “Мамлекеттик башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт” деген кыска, ушул убакка чейин өзгөрүүсүз келе жаткан статьяны киргизген. Мында республика сөзсүз облус, район, шаар, айыл аймактарынан турат деп көрсөтүлгөн эмес. 

-- Ушул конституциялык укукту пайдаланып, кыргыз бийлиги совет өкмөтүнөн мураска калган административдик-аймактык түзүлүштү өзгөртүү боюнча кандай чараларды көрдү? 

-- Тилекке каршы, мамлекеттик бийлик эгемендүү жашоонун суроо-талаптарына жооп берген административдик-аймактык түзүлүштү кайра курууга ниеттенбей койгон. 

Акыры бийлик дагы козголуп, 1996-жылы 4-мартта президент Аскар Акаев республиканын административдик-аймактык бөлүнүшүн оптимизациялоо боюнча чоң жаңылык болгон указ чыгарган. Ага ылайык, атайын түзүлгөн комиссия облустарды жоюу, район менен шаарларды бириктирип туруп бир аймак түзүү, айылдык кеңештерди кошуп чоңойтуу аркылуу республикага үч деңгээлден ашпаган административдик-аймактык түзүлүштү киргизүүнү туура тапкан. Бирок, бул новатордук сунуштарды ошол кезде күч алып калган бюрократиялык аппарат коомчулуктун кароосуна чыгарбай койгон. 

-- Курманбек Бакиев президенттикке келгенде административдик-аймактык курулушту өзгөртүү багытында бир катар иштер жүргүзгөндүгү айтылып жүрөт. Бул канчалык чындыкка жатат? 

-- Биринчиден, президент К.Бакиевдин тикелей колдоосу менен Конституцияда республиканын борбору Бишкек шаары деп ачык көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, Жогорку Кеңештин 2006-жылдын июнь айындагы мыйзамы менен Чүй облусунун борборун Токмоктон кайра Бишкекке которуу таңкалтырган окуя болгон.   

Экинчи жагынан алганда, республиканын административдик-аймактык түзүлүшүн өзгөртүүгө концепциялык мамиле кылуу жөнүндө президенттин 4-июль, 2007-жылдагы жарлыгы кеңири колдоого алынганын белгилөөгө болот. Ошол кезде Сооронбай Жээнбеков өзү жетектеп турган айыл чарба министрлигинен, Акылбек Жапаров (азыр парламенттин депутаты) башкарган финансы министрлигинен, Исхак Масалиев баштаган айрым депутаттардан, бир катар мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан өкмөттүк комиссиянын кароосуна олуттуу сунуштар түшкөн. Алардын көпчүлүгүндө 2007-2010-жылдары облустарды жоюу, республикалык бюджетти децентралдаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы ар бир шаарды өзүнүн тегерегинде жайгашкан райондор  менен бириктирип, жаңы принципте уюштурулган мамлекеттик административдик-аймактык округдарды түзүү, майда айылдык аймактарды бириктирип, чоңойтуу  тууралуу пикирлер айтылган. 

Тилекке каршы, өкмөттүк комиссия бул сунуштардын бир тобун четке кагып, концепцияга укук коргоо, күч жана финансы органдарынын айрымдарына регионалдык деген статус берүү аркылуу облустук түзүлүштү былк эттирбей сактап калуу вариантын колдоп чыкккан. 

-- 2010-жылдагы апрель окуясынын кийин бул реформа ордунан жылдырылдыбы? 

-- Жаңыртылган Кыргыз өкмөтү 23-март 2012-жылдагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн концепциясын» бекитип, ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизген. Бул концепцияда 2012-2017-жылдардагы мамлекетти эки деңгээлдүү бюджетке өткөрүү, айыл аймактарын кошуунун эсебинен алардын санын азайтуу, райондорду ирилештирүү, ал эми облусту алып калып, анын башкаруу системасын оптималдаштыруу каралган. Бирок, бул вариант дагы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосуна алынбай, административдик-аймактык түзүлүштүн 4 кабатын жыш ээлеген мекеме, ишканалар кыскарбастан кайра көбөйүп, ошол бойдон азайбай келүүдө.  

Корутундулап айтканда, чейрек кылым ичинде бийликтегилердин күчү араң айылдык кеңештерди жойгонго, бир катар айыл аймактарын майдалап бөлүүгө, алардын аттарын өзгөртүүгө жана тегерегиндеги айылдарды бириктирүү аркылуу айрым кичи шаарларды түзүүгө гана араң жеткен. Ал эми Кыргыз ССРинен мураска калган 4 кабаттуу административдик-аймактык курулушту өзгөртүү, ал аркылуу мамлекеттик чиновниктердин санын кескин кыскартуу, коррупцияны азайтуу жана региондорду өнүктүрүү  боюнча аракеттердин көбү “показуха” болгон. 

-- Ушул жерден курч суроо жаралууда. Чейрек кылым бою административдик-аймактык реформанын минтип ишке ашпай келүүсүнүн түпкү себеби эмнеде? Бул көрүнүштүн илимий чечмелөөсү барбы? 

-- Илимий жагынан караганда, мындай терс көрүнүштүн түпкү сыры, биринчиден, биз башында айтып кеткен административдик-аймактык түзүлүш менен коррупциянын ортосундагы тыгыз байланышта жатууда. Анткени, коррупциянын пайда болуп, өсүп-өнүп чыккан жери мамлекетттик аппарат, анын чиновник-кызматкерлери экендиги дүйнөлүк практикада далилдөөнү талап кылбаган аксиома болуп калган. Мунун негизинде коррупциянын көлөмү мамлекеттеги чиновниктердин саны менен сапатынын абалын айгинелеп турган көрсөткүч болуп эсептелет. Ал эми мамлекетүүлүктүн каркасы делген административдик-аймактык түзүлүш болсо башкаруу системасынын бир нече кабаттуу (деңгээл) мамлекеттик “офисинин” ролун аткарып, анын ар бир кабаты тийешелүү компетенцияга ээ болгон органдар менен анын кызматчылары ээлеп турат. Демек,  аймактык түзүлүштүн узун-туурасы канчалык чоң болсо, мамлекеттин башкаруу органдарынын, анын кызматкерлеринин саны да ошончо көп болуп, коррупцияга кенен жол ачылып турат. Ошондуктан мамлекеттик чиновниктер көрүнөө да, көмүскө да бул реформага каршылык көрсөтүп келүүдө. Кыргызстанда болсо бул эки категориянын бирине-бири тийгизген таасири өтө чоң болууда.

Алсак, республикабыздын 4 кабат иерархиялык административдик-аймактык түзүлүшүнүн эң үстүңкү, борбордук органдар жайгашкан кабатын ири кызматтагы “үч баштуу ажыдаардай” болгон элитардык коррупционерлер ээлегендиги, алар зор кылмыштардын “авторлору” экендигинин бети ачылууда. Ал эми административдик-аймактык түзүлүштүн ортоңку деңгээлиндеги облустук жана райондук мамлекеттик органдардын жайнаган бюрократ-чиновниктеринин, алардын “сабагын” алган муниципалдык кызматкерлердин көбү бюрократизм менен жемкорлукка берилип, “майда” (бытовой)” жана орто коррупциянын деңгээлин түзүп келүүдө. Кыргызда бекеринен “желмогуздун чоңунан кичинеси кыйын” деп айтылганы туура чыгууда. 

-- Мындай көп “тепкичтүү” бюрократиялык системага таянган коррупциялык пирамиданы кыскартуунун жолу барбы?  

-- Кыргызстандын шартында өтө коркунучтуу оору менен күрөшүүнүн өзгөчө вариантын (тактикасын) колдонуу зарыл. Анткени азыр ири коррупция менен кармашкан мамлекеттин тийешелүү органдарын митедей жайнаган жергиликтүү жеп-ичкичтерге каршы пайдалануу “замбирек менен чымчык атканга” тете болуп, көп убакыт менен каражатты талап кылып, кымбатка да туруп калат.

-- Бул өзгөчө варианттын өзөгү эмнеде, кандай негиздери бар? 

-- Менин жеке баамымда, президент өзүнүн 16-ноябрь 2018-жылы “Ала-Тоо 24” телеканалга берген интервьюсунда “4 деңгээлдүү башкарууну 3 деңгээлге түшүрүү маселесин чечүүбүз зарыл” дегени пикири туура багыт.

Бирок, кептин баары ошол 4 деңгээлдин кайсынысын кыскартуу керек деген суроого барып такалууда. Себеби, бул тууралуу мамлекет башчысы өз ой-пикирин айткан жок. Мындай учурда ушул реформаны өткөрүү боюнча өкмөттүн уюштурган атайын комиссиясы президенттин 3 деңгээлдүү башкарууну түзүүгө карата  пикирин “расшифровкалап”, коомчулукка угузуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй келүүсү таңкалтырууда. 

Ал эми коомубузда болсо бул проблема боюнча айтылып келе жаткан сунуш, варианттар жетиштүү. Орусча айтканда, булардын бардыгында “рациональный зерно” бар. Бирок, бул өтө жооптуу жана татаал проблема боюнча айтылган сунуштар ар тараптан анализденбей, бир беткей болуусу өкүндүрөт. Ошондуктан бабаларыбыз бекеринен “бозүйдү чечмек бар, бирок тикмек жок” деп эскерткенин унутпай, республикабыздын эскирген административдик-аймактык түзүлүшүн өзгөртүүдөн мурда ордуна  бекемдиги,  башкарууга эптүүлүгү, рационалдуулугу, көп кырдуу маселелерди чечүүгө ыктуулугу жана калкка жакындыгы гарантияланган формасын (моделин) табуу милдети турууда. Бул максатта “чала молдо дин бузат” болуп ар кандай божомолду айтпай, мамлекеттүүлүктү түзүүнүн илимине кайрылуу туура болот.    

Ага ылайык, ар бир мамлекеттин административдик-аймактык түзүлүшү табигый жана жасалма  деген эки категорияга бөлүнөт. Анын табигый түзүлүшүнө калк отурукташкан айыл менен шаарлардын аймактары кирип, буларды бириктирүү, ажыратуу же жоюу оңойлукка турбасы аныкталган. Ал эми район, облус, провинция, регион, губерния аттуулар жасалма түзүлүш деп аталып,  аларды жаңы уюштуруу, жоюу же кошуу проблемаларын ар бир мамлекет өз шартына жана койгон максатына жараша чечип алып турат. Буга таянып, көпчүлүк мамлекеттер реформага киришкенде жасалма түзүлүштү өзгөртүүнү колдонушат. 

Жогорудагылардын негизинде, ошондой эле тоолуу өлкөбүздүн өзгөчөлүктөрүн эске алганда, “ыңырчагы ырдаган” жарды республикабыздын административдик-аймактык системасынын облустук деңгээлин жоюуга баруу кыргыздын “арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне?” дегенине тете болот. Албетте, аткаминерлердин “армиясы” бул сунушту мамлекеттин “дубалын” кыйратуу деп кыйкырып чыгары шексиз.

-- Чынында эле, Кыргызстанда облустук системаны кайсы объективдүү шартка негиздеп, кайсы кемчиликтери үчүн жоюш керек?   

-- Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, аңгемебиздин башында 1990-жылы же СССР жоюла элек кезде  республикада 6 облус уюшулганын айтканбыз. Муну каталык деп айтууга болбойт эле, себеби ал убакта мамлекеттин милдети жалгыз “жашаган” социалисттик менчикти сактоо менен катуу борбордоштурулган башкарууну жүргүзүү зарыл болчу. Муну жүзөгө ашырууда КПССтин облустук комитети башында турган облустук аткаруу системасы чоң роль ойногон. 

Эгемендүүлүктүн мезгилинде мамлекеттик башкаруунун, анын ичинде облустук деңгээлдин функция, полномочиелери кыйла өзгөргөн. Мындай шартта облустук башкаруу  системасы мамлекеттик тартипти бекемдөөдө, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү уюштурууда, айрыкча 2005-2010-жылдардагы козголоңдордо өзүнүн административдик жөндөмү, эл арасындагы кадыр-баркы  төмөн экендигин  көрсөткөн. 

Экинчиден, республикабыздын бийик тоолуу шартында көпчүлүк айылдар облустун борборунан алыс жайгашкандыктан, алардын жашоочулары облустук органдарга барып суроолорун, муктаждыктарын чечип алууга мүмкүнчүлүктөрү аз болууда. Өз кезегинде облустук аппараттын дагы эл менен тыгыз катнашууда, жергиликтүү калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө, тейлеп-тескөөнүн деңгээлин жакшыртууда, мамлекеттин саясатын пропагандалоону жүргүзүүдө “чамасы чакталуу” экендиги көрүндү.  

Үчүнчүдөн, облустук органдар бир топ убактысын борбордун тапшырма, көрсөтмөлөрүн райондорго жиберип, кайра алардан жыйнаган маалыматтарды “тууралап” туруп борборго жөнөткөн канцеляриянын ролун аткаруу менен алек болушат. Буга кошулуп облустук кызмат системасы бюрократиянын, паракорчулуктун жана коррупциянын өзүнчө очогу болгондугу жакшы белгилүү. 

-- Облустук башкаруу системасы мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды кыскартуудагы ролу кандай?

-- Облустук башкаруу системасы мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды кыскартуудагы ролу төмөн деп ачык айтуу зарыл. Буга кичинекей эле   факты катары облустун башчысынын “Кыргыз өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү” деген чубалжыган официалдуу титулун келтирүүгө болот. Анткени “өкүл” деген сөздүн мааниси элдин сезиминде башкаруучу, жетекчи деген түшүнүктү билдирбегендиктен, калк арасында өкмөттүн облустагы өкүлүнүн авторитети, анын чечим, буйруктарынын “салмагы” төмөн болууда. Мындай абалды айыл жергесинде популярдуу болгон “Жети облус эл болдук, жетинин бири чоң болдук, /Курсакты сылап жүрөбүз, кредит, грант жеп коюп” деген эки сап ыр облустук башкаруунун калк арасындагы баркын, бийлик менен болгон ажырымдын жана коррупциянын кайдан чыгып жатканын так көрсөтүп турат. “Калк айтса, калп айтпайт” дегенди четке какпай, “кереги тийсе тереги жыгылат” деген бабалардын осуятын да унутпай, республикабыздын облустук деңгээлин жоюу маселесин кароо талабы бышып, жетилди деп жыйынтык чыгарууга негиз бар. 

-- Аңгемебиздин жүрүшүндө көп сын айтып, азыркы талаптарга жооп берген административдик-аймактык түзүлүштүн модели жок экендигин белгиледиңиз. Ал эми өзүңүз иштеп чыккан моделиңиз барбы? Эгер болсо, анын себеби, негизги принциптери, өзгөчөлүгү эмнеде?

-- Бул вариантты даярдоодо мен биринчиден, өйдөдө айтылган административдик-аймактык түзүлүш менен коррупциянын ортосундагы байланыштын аныкталгандыгы эске алынды.  

Экинчи себеби, республикабызда жадыбалдай айтылып келе жаткан регион деген термин Конституцияда, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” атайын мыйзамда, башка укуктук документтерде кездешпей, официалдуу чечмеленбей  келүүсү болду. Эгерде мындан ары да региондун түшүнүгү,   мазмуну, анын ээлеген чеги  тийешелүү нормативдик-укуктук документтер аркылуу бекитилбесе, аны менен мамлекеттик регионалдык органдар уюштурулбаса, анда мындан ары да регионалдык программалардын аткарылышына жоопкер конкреттүү мамлекеттик орган да, жетекчи да болбойт. Ушундай регионалдык система жоктугунан, жер-жерлерде президент демилге көтөргөн бул багыттагы программалардын   аткарылышы  жеткиликтүү көзөмөлгө алынбай, мамлекет берген каражаттар калыстык менен бөлүнбөй келүүдө. Мунун мисалдарын президент 2019-жылдын 27-февралында регионду өнүктүрүү боюнча конференцияда айтып, региондорду башаламан өнүктүрүүнү токтотуу керек деген бүтүмгө келген.    

-- Айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча кандай чараларды көрсө болот?

-- Биринчиден, мамлекетибизде регион аттуу территориалдык түшүнүктүн маанисин мыйзамдаштырып, бул аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жоопкер мамлекеттик башкаруу системасын уюштуруу керек.   

Менин ишенимимде, жоюлууга жаткан облустун ордуна бири-бирине чектеш  жайгашкандыктан бир топ шарттары окшош, экинчиден, кем эмес районду жана сөзсүз түрдө аларга аймакташ болгон шаарды (кичи шаарларды) ээлеген территорияларынын чектерин эч бузбастан туруп бириктирүүнүн негизинде жаңы типтеги административдик-аймактык түзүлүштү куруу зарыл. Мунун көлөмү облустан кичине, бирок райондон алда канча чоң болгондуктан, бул жаңы типтеги территорияны официалдуу түрдө регион деп атоо аркылуу анын чегинде мамлекеттик башкаруудагы административдик-регионалдык бирдикти уюштурууга шарт түзүлөт.  

-- Мындай сунушуңузга кандай конкреттүү мисалдарды келтиресиз? 

-- Мисалга, Нарын облусунун Долон ашуусунун ары жагындагы Нарын шаары, анын тегерегиндеги Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору чектери эч өзгөртүлбөстөн бириктирилип, Нарын  админстративдик регионалдык бирдиги (АРБ) түзүлөт. 

Ысык-Көл жана Нарын облустары жоюлганда, Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кени менен Балыкчы шаарынын ортосунда темир жол тартыларын эске алып, бул экөөнө чектеш Кочкор жана Тоң райондорун кошуп бириктирип, 3 район жана борбору Балыкчы шаары болгон Ала-Тоо АРБгин түзүүгө болот. 

Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунан борбору Каракол шаары болгон Чыгыш Ысык-Көл АРБги уюшулат. 

Жакынкы келечекте Ысык-Көл району эл аралык эс алуу зонасына айлануусун эске алып, аны жалгыз Чолпон-Ата шаары менен гана бириктирип,   өзгөчө башкаруудагы Чолпон-Ата АРБин уюштуруу жакшы натыйжа берет. 

Үчүнчү мисал катары, Чүй облусунун  чыгыш тарабындагы Ысык-Ата,  Чүй жана Кемин райондору жанындагы шаарчалары менен бириктирилип, борбору Токмок шаары болгон Чыгыш Чүй АРБги уюштурулса,  Москва, Жайыл,  Панфилов райондорунан борбору Кара-Балта шаарчасы болгон Батыш Чүй АРБги түзүлөт. 

Бишкектин тегерегиндеги Аламүдүн, Сокулук райондору менен Шопоков шаарчасынын эсебинен борбордук АРБти уюштуруу да майнап берүүчү вариант. 

Талас облусунун аймагынын чакандыгын жана элинин санын аздыгын эске алып, аны бир эле Талас АРБси деп,  же эки регионго бөлүп койсо болот. Кыргызстандын батышынын чек аралык маанисин жогорулатып, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорун ичиндеги шаарлары менен  кошо бириктирип, өзгөчө башкаруудагы АРБгин уюштуруу мамлекеттик чек араны бекемдейт.

Жоюлган Ош облусунда болсо Кыргызстанда эли эң көп болгон Кара-Суу районун, Кара-Суу шаарын, Чоң-Алай жана   Алай райондорун бириктирип, Кара-Суу АРБгин уюштурса болот. Ушундай эле Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен Өзгөн шаары бириктирилген регионду түзүү да максатка ылайыктуу. 

Ал эми Жалал-Абад облусунун ордуна кошуна жайгашкан район менен шаарлары бириктирилген мамлекеттик башкаруудагы 4-5 административдик-регионалдык бирдиктерди түзүүгө шарттар бар. 

Булардан сырткары, 30 жылдан бери калкынын саны бир нече эсе көбөйүп, шарты такыр өзгөрүлгөн Бишкек жана Ош шаарларынын административдик-аймактык түзүлүштөрүнүн оркойгон проблемаларын бийлик көрмөксөнгө салып келүүдө. Буларды заман талабына ылайыктап реформалабаса, “пригородный зонасын” так аныктабаса, борбор шаарларыбыздын келечегине балта чабылып калат. 

-- Жогоруда белгиленгендей, административдик-аймактык реформанын башкы максаты натыйжалуу, рационалдуу, ийкемдүү башкарууга жетишүү керек эмеспи. Регионалдык моделге өтүү ушуга мүмкүндүк береби?

-- Буга кыскача жооп бере келгенде, төмөндөгү жүйөлүү далилдерге таянса болот:

1. Саясый-укуктук, административдик жана территориялык жагынан алганда, Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүнүн терминологиясында биринчи сапар регион, региондун аймагы, регионду өнүктүрүү, регионду башкаруу ж.б.у.с. аттуу чаржайыт түшүнүктөр мыйзамдашып, официалдуу түрдө таанылып, регионалдык маанидеги конкреттүү саясатты жана иш-чараларды турмушка ашырууга мүмкүндүк ачат. Мунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 27-февралында президенттин регионду өнүктүрүү боюнча конференцияда региондорду башаламан өнүктүрүүнү токтотуу керек деп айтканын реалдуу аткарууга жол ачылат.

2. Регионалдык түзүлүшкө өтүүнүн негизинде төрт кабат мамлекеттик башкаруунун облустук деңгээли жоюлуп, "ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт" болгон бюрократиялык мамилелер кыскарып, мамлекеттик бийликтин вертикалы бекемдейт. 

3. Регионалдык түзүлүшкө өткөндө анын жаңы башкаруу органдары мамлекеттин буга чейин кабыл алынып келген регионду өнүктүрүү боюнча концепция, программаларын өздөрү тыкыр анализдеп, конкреттештирип, тактап   туруп, тийешелүү өзгөртүүлөрдү өкмөт менен макулдашып алып, аны аткарууну уюштурууда республиканын, региондогу район, шаар, айыл аймактарынын кызыкчылыктары жана керектөөлөрүн айкалыштырып, алардын ресурстарын, каражаттарын, башка мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип, жармакташып чечүүнү уюштурууга реалдуу мүмкүндүк ачылат.

4. Регионалдык башкаруу органдары облустукуна караганда шаарларга, элдүү конуштарга, жергиликтүү жамааттарга бир топ жакындагандыгы, ал эми райондук акимчиликтерге салыштырмалуу укугу, компетенциясы, мүмкүнчүлүктөрү кескин кеңейтилсе, алар жер-жерлердеги ал-абалды өздөрү чукулдан көрүп, билип, баа берүү аркылуу башкаруунун сапатын жакшыртууга, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзүлөт.

5. Регионалдык бирдиктердин башкаруу системасын уюштурганда, жаш Кыргызстандын тарыхында биринчи сапар “чириген” кадр саясатын толук өзгөртүп, кескин жакшыртууга жол ачылат. Себеби облустук система жоюлганда, андагы бардык кызматкерлер (алардын ичиндеги бюрократтар, жегич-ичкичтери менен кошо) кызматтарынан бошойт. Албетте бул оор "шоковый операция", бирок мунсуз мамлекеттик кызматтын сапатын,  авторитетин кыска убакытта чечкиндүү көтөрүүнүн жолу жок жана болбойт.

Мындай абалды болтурбоо үчүн санариптештирүү жана электрондоштурууга негизделген такыр башка типтеги регионалдык башкаруу системасы уюштурулушу абзел. Бул максат олуттуу жаңырган конкреттүү кадр саясатынын базасында ишке ашырылып, регионалдык органдардын жетекчилиги менен жооптуу кызматкерлигине жогорку профессиядагы, ичмекей-жемекейликке, тууганчылыкка жана башка "чылыктарга" малынбагандарды тандап алууну камсыз кылган бузулгус эрежелерди ишке киргизүүнү  талап кылынат.  Санариптештирүүнүн шартында регионалдык органдардын кызматтык штаттары облустукуна караганда кескин кыскарат. 

6. Региондорду, анын башкаруу системасын түзүү  сөзсүз  түрдө “цепной реакцияны” пайда кылып, анын негизинде мамлекеттин көптөгөн борбордук жана райондук органдардын структураларынын, кызматчыларынын саны менен сапатынын өзгөрүлүшүнө жана олуттуу кыскарышына себеп болот.

-- Административдик-аймактык реформанын пайдаларын санап бердиңиз. Бирок сиздин моделде облустун ордуна регион түзүлгөн менен, республика мурдагыдай эле 4 кабаттан – борбордон, региондон, райондон жана жергиликтүү бирдиктерден туруп калып жатпайбы?

-- Чынында эле облусту жоюп, регионалдык деңгээлге өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков көздөгөн үч кабат түзүлүш даана тургузулмак. Бирок маселе Кыргыз ССРи уюшулгандан бери "былкылдабай" келе жаткан райондук административдик-аймактык деңгээлди жоюу керекпи же жокпу деген проблемага такалууда.                                                                                            

Менин ишенимимдерайондук административдик-аймактык бирдикти жоюуга болбойт. Анткени ал жерде мамлекеттин райондук структуралары калкка түзмө-түз кызмат көрсөтүп, тейлеп, тескеп турушат. 

Бирок жаңы регионалдык бийлик бир тепкичке ылдыйлагандыктан, алар региондун аймагындагы мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрү тейлеп-тескеп, көзөмөл жүргүзүүгө толук мүмкүндүгү бар. Мындай шартта райондук акимчилик бул функцияларды кайталап, дублер болуп калат. Мындай абалга жеткирбөө максатында чейрек кылымдан ашык убакыттан бери иштөө стилдери жаңырбаган, жеке башкаруу принцибине негизделген райондук акимчиликтин кереги барбы-жокпу (?) деген суроону чечүү зарыл. Анткени, регионалдык башкаруу системасы ишке киришкенде, район азыркыдай административдик эмес, функционалдык-аймактык бирдиктин ролун аткаруусу керек

-- Жогорудагы баяндоодон чейрек кылымдан бери административдик-аймактык реформанын армандуу тагдырынын объективдүү жактарын көрдүк. Эми президент өз демилгеси менен көтөрүп чыккан реформанын артка жылышынын субъективдүү жагына өтсөк. Так айтканда, бул процессти уюштуруучулар тарабынан каталыктар кетирилип жаткан жокпу? 

-- Мамлекетти башкаруунун дүйнөлүк практикасында реформа  аттуу “операцияны” өткөрүү чечкиндүүлүктү, көрөгөчтүктү, ыкчамдыкты, уюштуруучулук жөндөмдү талап кылган татаал процесс. Муну баштоо үчүн ушул реформанын идеясын, максатын, кыйынчылыктарын түшүнүп-билген, аларды турмушка ашырууга кудурети, илимий-практикалык тажрыйбасы жетиштүү, ишти уюштура билген жөндөмдүү кадрлар талап кылынат. Тилекке каршы, президенттин командасынын аракеттери максаттуу жана ар тараптуу  болбой, биз жогоруда баяндап кеткен административдик-аймактык түзүлүштүн, коррупция жана регионалдык өнүгүүнүн ортосундагы байланышын көз жаздымда калтырышкан. Натыйжада булар мамлекет башчысына ар кандай жүйөлөрдү келтирип, өзү жарыялаган реформага региондорду өнүктүрүүдөн кийин киришебиз деп айттырып, кийинчерээк  Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүп туруп баштоо зарыл деп жарыялоого мажбур кылышкан. Ушундан кийин коомчулукта бул реформанын тагдыры мурунку президенттердин маалындай эле сүйрөлүп жүрүп аткарылбай калабы (?) деген күмөн саноону жарата баштады. 

-- Облусту жоюп, регионалдык реформага өтүүнү шайлоодон кийин баштоонун эмнеси туура эмес?

-- Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамда мамлекеттин облустук органдарына шайлоо кампаниясына тийешелүү эч кандай укук-милдеттер   каралган эмес. Участкалык жана аймактык комиссиялардын иштөө шартын түзүп берүү райондук жана шаардык бийликтин милдетине кирет. Ошондуктан, “бербестин ашын бышпас” кылып аймактык реформаны келе жаткан шайлоо кампаниясына шылтабастан, 1-марттан кечикпей, бир катар уюштуруучулук-укуктук жана башка чараларды колдонуп, бул олуттуу кампанияны коркпой-үркпөй баштоонун жолдору бар.

-- Анда ошолорго кыскача токтолуп кетсек...

-- Менин баамымда, эгерде бул реформаны сот системасындай кылып созбойбуз десек, мунун татаал процесс экендигин эске алып, эки этапка бөлүп туруп ыкчам уюштурса болот.

Мунун биринчи этабында мамлекет башчысы реформаны өткөрүүнүн иш-чараларын азыркы парламенттке далилдеп берип, анын макулдугун алуусу зарыл. Муну артынан өкмөт дароо облустарды жоюу жана региондорду түзүү боюнча компетенттүү республикалык комиссияларды бекитип, активдүү иш баштоосу талап кылынат. Алсак, ал комиссиянын бири облустук мекемелердин карамагындагы бардык имараттарды, финансылык, материалдык-техникалык базасын ж.б.у.с. жоготпой, талатпай, тез арада өткөрүп алууну уюштурат. Ушуну менен бирге экинчи комиссия региондун курамына кирип жаткан шаарлардын, райондор жана айыл аймактарынын биринин да чек арасын бузбастан, ээлеп турган жайыттарын эч өзгөртбөстөн туруп бириктирүү боюнча карталардын жана мыйзамдын долбоорун түзүп, азыркы парламенттин кароосуна даярдайт (менин баамымда, эл депутаттары көп кырдуу мааниси зор бар бул мыйзамды маалкатпай кабыл алып берсе, аттары тарыхта калат). Үчүнчү комиссия регионалдык башкаруу органдарынын жайгашчу имараттарын, кызматтык структурасын, штаттык бирдиктерин, финансысын аныктоо, кадрларды тандоо ж.б.у.с. иштерди аткаруунун үстүндө иштейт. 

Экинчи этапта болсо жаңы регионалдык башкаруу органдары түзүлүп, орун-очок алып толук кандуу иштеп баштаганда тийешелүү өкмөттүк комиссиялар менен бирдикте көп убакыттан бери чечилбей, талаш-тартышка түшүп келген жер, жайыттардын чеги боюнча чыр маселелерди, ошондой эле шарты өзгөртүүнү талап кылган айрым айыл аймактарды, райондор менен кичи шаарларды бөлүп, кошуу проблемаларын ашыкпай чечүүгө киришсе болот.            

-- Аңгемебизди аяктап жатып, кандай каалоо айтып кетесиз?

-- Менин сунушум – биз талкуулаган маселелерди бийлик эске алып, коррупция, регион жана административдик-аймактык түзүлүштүн ортосундагы байланышка көнүл буруп, иш-чараларын конкреттештирсе. Элибиздин бир акыны “Коррупция жети баштуу ажыдаар, /Кащей сымал өлбөй турган жаны бар. /Жеңилбеген ажыдаарды жок кылган, /Жомоктогу баатыр чыгаар, табылаар” деп эңсегендей, президентибиз ушул желмогузга каршы күрөш ачты. Бирок бул кармашта өзү жалгыз болбой, кабинетте отургандарга гана таянбай, Акүйдүн сыртында бул улуу күрөштү жүргүзүүнүн жолун билген инсандар бар экендигин унутпай, алардын да акылын, тажрыйбасын, кеп-кеңешин   пайдаланса деген каалоо айтып кетем. Ошондой эле бул интервьюмдагы сындар бирөөлөгө катуурак тийип калса, кечирим сурайм.


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер