Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекназаров тилинин азабын тартып, элчи болуудан кур калдыбы?

Бекназаров тилинин азабын тартып, элчи болуудан кур калдыбы?

11-октябрь, 12:28
882 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Малайзия өлкөсүнө Азимбек Бекназаровдун элчи болуп кете турганы буга чейин айтылып, атургай агреман келгени да маалымдалган. Бул боюнча Бекназаров өзү да билдирип, президент менен сүйлөшкөнүн шардана кылган эле. Кызыгы, элчи боло турган кадр сөзгө этият мамиле кылып, “өңгүл-дөңгүл” болбошу керек да. Тилекке каршы, Бекназаров бийликке ультиматум койгондой сүйлөп, мыйзамдарды тебелеп өтүү менен Атамбаевди түрмөдөн чыгарууну бир канча жолу оозанып, аяк-биягын карабай эле адыраңдап аткан. “Кызматка барбай жатып баш ийбей атса, кийин кандай болот?” деп президенттик аппараттагылар чочулап калышыптыр. Эми президент Сооронбай Жээнбеков деле мурдагы чечиминен баш тартып, Азимбек Бекназаровду көчө оппозициясына калтырат окшойт. Эгер бул Малайзияга барып алса, таза Кыргызстанды уят кылып, эки мамлекеттин ортосуна жик салып ийсе кантебиз?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер