Шатемиров иш жүзүндө Бабановду байытпай, мамлекетке пайда келтирсе болмок


Мурда келечектүү кадр катары өкмөттөн көрүнүп, салык жана бажы кызматтарына орун басар болгон, УКМКда иштеген Кубанычбек Шатемировду чиновниктер жакшы эле билишет. Билимдүү, демилгелүү жигит. Учурда Өмүрбек Бабановдун “Кыргызстан” банкында орун басар катары эмгектенүүдө. Алгылыктуу идеялардын башында турат. Мбанкты да ачкан. Айтор, Бабановду ого бетер байытып аткан кербези. Мына ушул Кубанычбек Шатемировду бийлик тийешелүү тармакка дайындаса, мамлекет үчүн кыйла пайда келтирмекпи? Перспективалуу жаштар жөн жерден баалашпаса керек. Эгерде Шатемиров санарип өнүктүрүү министри болсо, камчы салдырбай иштемекпи? Ал жерде Ширшовдун “шопуру” Иманов очорулуп, коллективи менен келише албай, артка кетип атканы жалганбы? Көмүскөдөн “күрөп” атканын ким билсин?..
Кыскасы, бийликтегилер жигердүү кадрларды көрө алышпай, билимдүү, тажрыйбалуу жаштар бизнеске ооп жатышат. Кейиштүү бекен?










