Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ленара Ниязбекова: “Кыргызстанда адам баласына керектүү баардык азыктар бар”

Ленара Ниязбекова: “Кыргызстанда адам баласына керектүү баардык азыктар бар”

11-октябрь, 09:00
243 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз экспортёрлор-импортёрлор "Кыргызленд" ассоциациясынын негиздөөчүсү менен маек.

 -- Айыл чарбадагы экспорт маселелерин, көйгөйлөрүн көтөрүп келесиз. Учурда мурдагы жылдарга салыштырмалуу сазга терең баткандай болдук...

-- Кыргыз экономикасындагы, анын ичинде экспорт жаатында практикалык аналитиканын чабалдыгы, жергиликтүү жана сырткы рыноктун ортосундагы айырма, карым-катыш тууралуу так маалымат жоктугунан, бул тармактагы ар кандай кырдаал саясый популисттиктин, спекуляциянын жана манипуляциянын куралы болуп калууда. Башкача айтканда, билип-билбей кыйкыра берүү, ким көп кыйкырса ошонуку туура катары кутулуу айла-амалдары аксап жаткан экономикабызды өлгөндүн үстүнө көмгөн кылууда. Бул тууралуу биз, кыргыз экспортёрлор-импортёрлор "Кыргызленд" ассоциациясы көптөн бери айтып келатабыз. 

-- Башка тамак-ашка болгон баалар да кескин кымбаттап жатканынын себеби эмнеде? 

-- Себеби, ички рыноктун корголбогондугу жана импортёр-табакташтардын кыянаттыгы. Кыргызстанда адам баласына керектүү баардык азыктар бар. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү муунтуу, кысуу, ошондой эле жергиликтүү фермерлердин буту-колун тушоо, тактап айтканда, атамекендик ишкерликти туура колдобоонун айынан болуп жатат. Тигил же бул жарлыкты чыгарарда жетекчи таразанын ташын так коюп, ар кайсы топко азгырылбай, өтө кылдат мамиле кылуусу абзел замандабыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер