Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаевди өлүм гана саясаттан ажыратып тынат...

Текебаевди өлүм гана саясаттан ажыратып тынат...

30-апрель, 04:19
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карантинде көпчүлүк саясатчылар дымып калышкан. Бир гана Өмүрбек Текебаев интервьюларды берип, билдирүүлөрдү жасап жатат. Коомдук шарттын талабына ылайык, ар кандай багытта... 

Жада калса Өмүрбек Текебаев түрмөдө депрессияга кабылып, ооруп жатканда да саясаттан четте калбай, байма-бай гезиттерге интервьюларын чыгарып келгени эсибизди. Мына ушундай оор шарттан алып караганда, күн шооласы көрүнбөгөн жабык жайдан нур чачкандай болуп, сырткы кубулуштарга үн кошуп, анализ кылып, келечекке карай божомолун айтып келген. Ооба, сыноолорду жеңип чыкты. Бирок, жасалма кылмыш иши сагыздай чоюлуп, бүтө турган түрү жок. Эрктүү адамдар деле мындай учурда чегинүүгө барат экен. Тек, Өмүрбек Текебаев гана күрөшчүлдүгүн көрсөтүп, замандын агымы менен тең жарышып, артта калбай, жалтанбастан алдыга умтулуп келет. 60 жаштан ашып, акыл-көрөңгөсү ташып турган чакта саясаттан кетип калмак беле? (Ал өзү жөн эле “кетүүнү” оозанып, коомчулуктун кылдарын тартып көрдү окшойт...) Башкалар кетсе дагы “Ата Мекендин” лидери артка чегинбейт. Кайсы бир жылдары өлүм гана саясаттан ажыратып тынбаса, сөөгүнө сиңип кеткен кесиптен айрылуу деги эле мүмкүн эмес. Ажырашуу – ал күндүн трагедиясы болот! Эрксизден...

Ал эми күздөгү парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы негизги оюнчулардын катарынан калышпайт, бөркүңөрдөй ишене бергиле...

Асланбек Сартбаев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер