Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Эгизбаевдин жубайы: “Мен согуш коркунучу тооруган жерде чоңойгон кызмын”

Улан Эгизбаевдин жубайы: “Мен согуш коркунучу тооруган жерде чоңойгон кызмын”

17-май, 17:52
863 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маркум Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева кыргыз-тажик чек арадагы каргашалуу окуялары жана чек араны темир же кирпич салуу мүмкүн эмес деген пикирин өздүк баракчасына жарыялаган.

“Мен да дайыма согуш коркунучу тооруган, кээде жакшы, кээде албууттанган кошуналардын көз карашын далай көрүп чоңойгон кызмын. Өз мекенибизде жашап жатканыбызга карабай, такай паспорт же туулгандыгыбыз тууралуу күбөлүк көтөрүп жүрүп эс тарттык, аны көрсөтпөсөк бизди өз айылыбызга же туугандарыбызды көрүүгө өткөрүшпөйт. Анткени чек ара ушунчалык чаржайыт, тажик-кыргыз үйлөр шахмат сыяктуу жайгашкан, кесип салуу же темир, кирпич менен тосуп салуу мүмкүн эмес. Себеби суу бир жерден келет, тарайт. Жаз келди дегиче, суу талаш, жайыт талаш башталат. Бул учурда элге маалым болбогон миңдеген чырлар, мушташтар күн алыс чыгып турат, аны биз элес да албайбыз. Анан качан “адам өлдү” дегенде гана ызы-чуу салып, чоңдор келимиш болуп, чыр убактылуу токтоп, кайра эле көз жаздымда калат. Элдин убалы кимге, билбейм: “кайсы жактан чыга калып мени коркутушат? Кайсы учурда көчөгө чыксам ыңгайлуу? Суу кезекке ким чыгат үйдөн? Жаныңа кимди аласың? Кайсы күнү дагы агамды сабап кетишет? Кеч кирди, балама эмне болду? Кошуналардын торуна илинбедеби? Алыс мектепке жалгыз бара албайм, кимди шерик кылсам экен?” – бул сыяктуу адам эркиндигин мойнунан бууган, миңдеген ойлор менен жашоо канчалык кыйын экенин чек арадагы мекендештер гана жакшы түшүнүшөт. Аларга сабыр жана таазим. Биз силер мененбиз!”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер