Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кемпирабадчылар” кечирим сурашса, оппозицияда Мадумаров эле жалгыз калабы?

“Кемпирабадчылар” кечирим сурашса, оппозицияда Мадумаров эле жалгыз калабы?

28-ноябрь, 21:06
1 254 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Вечерка” сайты Азимбек Бекназаров менен Равшан Жээнбековду ажо Садыр Жапаровго жолугуп чыгышканын жазды. Саясый элитада ар кандай талкуулар жанданууда. Биздин баамыбызда, “кемпирабадчылар” жашыруун документтердин негизинде коомчулукка кайрылышып, ажодон кечирим сурап чыгышса, бийликтин кадыры көтөрүлөбү? Ушул таризде ич ара талкуулар жүрүп жатканы айтылууда. Азырынча бул топтогу Равшан Жээнбеков жана Клара Сооронкулова, Рита Карасартова баштаган аялдар командасы кечирим суроого муюбай жатышабы? Ошентип, коомчулукта күмөн саноо жаралды. Ансыз да “кемпирабадчылардын” жарымынан көбү бийлик тарапка өтүп кеткени айтылып, саналуу гана адамдар өз позицияларында турушканы каңкууланууда. “Ит-жыгылыш оюн” кандай аяктай турганын убакыт көрсөтөт. Кызыгы, “кемпирабадчылар” түрмөгө жатышканына кайыл болушуп, акталышканына ыраазылык айтышабы? Анда оппозицияда туруктуу багытынан тайбаган Адахан Мадумаров эле жалгыз калабы? Бүйүр кызытчу күндөр алдыда. Көрө жаталы. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер