Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Бийлик менен оппозициянын чабышынан улут майдаланды”
-- Турсунбек мырза, 1 жыл 8 ай СИЗОдо жатышкан “кемпирабадчылар” акталышты. Мындан ким сабак алышы керек?
-- 2023-жылдан башталган массалык камоолор, 2024-жылы журналисттердин камалышы оппозицияга да, бийликке да чоң сабак болду. Бул жерден “оппозиция же бийлик утту” деп айта албайбыз. Бул окуялар эки жакка тең чоң сабак боло турган жагдайлар менен коштолду. Бийлик дагы, оппозиция да жыйынтык чыгарып, мындан ары олуттуу катага жол бербегенге аракет кылышса. Эң ириде өлкөнүн тынчтыгын биринчи орунга коюулары керек.
-- Эми эркиндикке чыккан саясатчылар кандайдыр бир өзгөрүү кылышы мүмкүнбү?
-- Мен “өлкөдө өзгөрүү болот” дегенден алысмын. Анткени, так программасы бар, бийликке альтернатива жарата ала турган чоң күч жок. Тагыраагы, чыныгы оппозиция жокко эсе. Камалып жаткан, камактан чыккан, өз пикирин эркин билдирген саясатчылар эле бар. Аларды “таасирдүү оппозиция” деп айтуу негизсиз.
-- Эмнеге?
-- Оппозициянын таасирдүү материалдык базасы, саясый программасы, күчтүү партиясы, парламентте көп сандагы депутаттары болушу керек. Тилекке каршы, оппозицияда андайлар жок. “Каршылык көрсөтөм” дегендер кандай абалды баштан кечиргенин баарыбыз билебиз. Ошон үчүн “оппозиция, бийлик” деп бөлбөй, бирдикте иштешибиз керек.
Мен Борбор Азия боюнча адам укуктары конгрессинин координатору, укук коргоо кыймылынын төрагасы, КДКнын азыркы жетекчиси катары айтсам, учурда бир жактуу эмес, көп жактуу ойлоно турган мезгилдебиз. Анткени, дүйнө өзгөрүп жатат. Ушундай алай-дүлөй кезеңде акыл калчайлы. “Ким менен кызматташуубуз керек? Кайсы мамлекет менен өнөктөштүк алаканы улантабыз?” дегенди президент баштап, улуттук чоң жыйын куруп, талкуулаганыбыз оң. Бийлик-оппозиция болуп бөлүнүп, бири-бирибиздин кемчилигибизди чукугандан көрө, бириккенибиз эп. “Биригүү” десе эле кучакташып калбай, пикирибизди эркин айталы. Эч кимибиз мамлекеттин ырыскысына балта чаппашыбыз керек. Каршылык көрсөткөндр бийликтин эле кемчилигин санай бербей, калыстык үчүн жакшы иштерин да айтышсын. Маселен, коргонуу, социалдык, экономикалык тармакта көптөгөн пландуу иштер жүрүүдө. Эки тарап тең оппоненттерине карата жакшы жагын көрө, айта да билсе, чыныгы лидер боло алышат. Бийлик дагы илгертен келаткан адатты токтотуп, саясый лидерлерди баса калып камап, теледен байма-бай жамандатуу адатынан арылуусу зарыл.
-- Мүмкүн сот “кемпирабадчыларды” күтүлбөгөн жерден актап салгандыр?..
-- Бул жерде “соттун ишине кийлигишпейбиз” дешкени менен саясый жетекчилик туура чечим кабыл алды. Прокуратура, укук коргоо органдарынын аракети туура эмес экенин түшүнүп, сот адилеттүү чечим чыгарды. Президент укук коргоо органдарын “крайный” кылбаса, сот андай чечим чыгара алмак эмес. “Прокурор 20 жыл сураганда президент колдойт” деп ойлошкон. Садыр Жапаров да, Камчыбек Кыдыршаевич дагы башынан сотту, камакты өткөргөнү үчүн “кемпирабадчылардын” абалын жакшы түшүнүштү. Ошон үчүн туура чечим кабыл алышты. Эми эки тарапты тирештирбей, диалогго чакырышыбыз керек.
Манас атабыздай айкөл болуп, бири-бирибизди кечирели. Акталган саясатчылар “1 жыл 8 ай камалдык” деп өч алгандан алыс жүргөнү дурус. Түшүнүү эки тараптан тең болушу керек. Баардык нерсени мамлекет, стабилдүүлүк, келечек үчүн туура кабыл алалы. Дүйнөдө абал тынчыбай турганда, бири-бирибизге эрегишпей, баардык маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенибиз оң. Швейцарияда 80ден ашык мамлекет “баардык маселе согуш менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек” деп кол коюшту. Биз дагы дүйнөлүк коомчулуктун үнүн угуп, ынтымакка келели.
Кыргызстанда үч жолу революция болду. Акүй талакаланып, канчалаган балдар каза табышты?! Бийлик менен оппозициянын чабышынын айынан улут майдаланды. Көпчүлүк үй-бүлөлөр ар башка партияларга жан тартышып, ырктары кетишти. Айтайын дегеним, бөлүнүү бизге жакшылык алып келген жок. Биз дагы Манас атабыздай болуп, мүлдө кыргыз бир туунун алдында мамлекет, келечек үчүн биригишибиз абзел!
-- Биригишип, каршы пикир айткандар жок болуп калса, эртеңки күндү кандайча элестетебиз?
-- Ооба, сындаш үчүн, катачылыкты айтыш үчүн оппозиция керек. Бирок, азыр кыргыз элине биримдик аба менен суудай зарыл. Баарынан мамлекеттүүлүк жогору экенин түшүнөлү.
-- Макул, эки жаат болбой, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн бирикти дейли. Оппозициянын 1 жыл 8 ай камакта отурганы үчүн кимдир бирөөлөр жоопкерчиликке тартылышабы же “эркиндикке чыгарды” деп эле айкөлдүк кылышабы? Укук жагы кантет?..
-- Албетте, ал нерсе көз жаздымда калбашы зарыл. Прокуратура, тергөө органдарынын жооп беришин биз да талап кылабыз. Антпесек, жаза бербөөнүн өзү кылмыш болуп калат. “Кемпирабадчыларды” камап, иш козгогондор сөзсүз түрдө жооп бериши керек. Ал жагынан айкөлдүк кылынбашы шарт.
Негизи камалгандар саясатчылар, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер. Баары сабаттуу. Мыйзамдарды жакшы түшүнүшөт, Конституцияны билишет. Ошон үчүн алар жөн эле жатып калышпастыр. Тийешелүү органдардан талап кылышат го...
"Азия Ньюс" гезити