Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

24-январь, 17:36
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ырастады.

Тураповдун арыз жазган себеби айтылган жок. Мекеменин басма сөз кызматы театрдын директорун ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрук чыга элек экенин билдирди. Керим Турапов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. 

Ал 2019-жылы театрга жетекчи болуп келген. Былтыр жайында театрдын кеминде жети артисти жумуштан кеткен. Арасында жогорку даражадагы балет артисти Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышканын айтышкан. Театрдын директору Керим Турапов өнөрпоздордун иштеши же жумуштан кетүүсү өз эрки экенин билдирген. 

Кыргызстандык артисттер буга чейин былтыр март айында билети кымбат коммерциялык спектаклдерден алар эч кандай акча албай турганын, бекер иштеп келатканын айтып, нааразылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер