Акыркы кабарлар
» Саясат » Кундуз Сулайманов мандатын сактап калуу үчүн “маскасын алмаштырганда”
Кундуз Сулайманов мандатын сактап калуу үчүн “маскасын алмаштырганда”
22-февраль, 05:09


Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10 ай окуу керектигин иш жүзүнө ашырууну демилгелеп чыккан. Буга депутат Кундуз Сулайманов каршылык көрсөтүп, парламенттен каяша айткан эле. Анан Камчыбек Ташиев жумуштан алынгандан кийин кызык болду. Кундуз Сулайманов баштагы сөзүнөн кайтып, 180 градуска бурулуп, президенттин демилгесин колдоп чыкты. Ушунча да кубулабы? Көрсө, креслосун сактап калуу үчүн жандалбастап жатыптыр да. Мындай адамды кантип кечиребиз? Ана, Нурлан Шакиев мандатын тапшырып кетти. Андан соңку көчтү Кундуз Сулайманов баштаган ондон ашык “ойнооктор” улантабы? Чыңгызхан бекер жерден саткынчы-чыккынчыларды өзгөчө жазага албагандыр...










