Жаныбек Абировдун ырдап пиар кылганы жеңил-желпилик катары бааланууда


Депутаттыкка талапкерлигин койгон Жаныбек Абиров үгүттөөчүлөрү менен ырдап жүрөт. “Бөлө, бөлө, бөлөм...” деп обон созгону кызык. Мындай видеосун атайын пиар кампания үчүн колдонууда. Ушунчалык да жеңил-желпилик болобу? Жогорку Кеңешке депутат болчу адам оор салмактуу, элдин арыз-муңуз уга билген, ишенимдүү, туруктуу сапаттары менен өзгөчөлөнүшү керек эле. Тилекке каршы, Жаныбек Абиров жарнаманын башка ыңгайын келиштирип, элдин көңүлүн бурдурайын деген окшойт. Бирок бул аракети анчалык деле жаңылык катары кабылданган жок. Тек гана күлкү келерлик көрүнүш катары сыпатталды.
Эске салсак, Жаныбек Абиров парламентте депутат болуп туруп, кафеден мушташып, бейбаштык кылганы үчүн мандатынан ажыраган. Турмуштан сабак алдыбы, же көнгөн адатын кайра баштайбы?
"Азия Ньюс" гезити











