Адил Турдукулов, журналист: “Сөз эркиндиги болбосо, мамлекет күчүнөн тая баштайт”


-- Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы эл аралык коомчулукта сындалып жазылганын окуп калып атабыз. Бул көрүнүш убактылуу элеби, же дагы басымдар күчөй береби?
-- Абройлуу “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин 3-май – бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүн утурлай жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга жылды. Мени өзгөчө таңгалдырганы – биз Казакстандан да артта калыппыз. Мындай нерсе менин эсимде биринчи жолу болуп жатат. Бул абдан өкүнүчтүү. Биз бир убакта “демократия аралчасы” атанганыбызды шылдың менен кабыл алып калдык. Бийлик буга кош көңүл түр көрсөткөндөй. Бирок бул тышкы инвесторлорго терс белги. Анткени алар сөз эркиндигин, соттогу адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту бийликтин тең салмактуулугу менен бирдей карашат. Сөз эркиндиги калыптанбаса, демократиянын, күчтүү мамлекеттин белгилери алсырайт. Бул тарых көп жолу тастыктаган аксиома, бейстабилдүүлүктүн да булагы. Ириде сөз эркиндиги болбосо, бийликке каршылаштар көмүскө чабуулду баштап, чагымчылдыкка да барышы мүмкүн. Күч түзүмдөрү баарын камаганга жетишпейт, жетишсе да ал жыйынтык бербейт. Элдин ого бетер кыжырдануусуна алып келет. Айжигитовдун мисалында муну көрүп жатпайбызбы. Бийликтин басымы президенттик шайлоого, 2027-жылга чейин улана берет деген ойдомун. Керек болсо дагы да күчөйт. Ага репрессиялык мыйзамдар кабыл алынып жатканы мисал.
-- Адам укуктарына байланыштуу арыз-даттануулардын көбөйгөнүн кандайча чечмелейбиз?
-- Башка абройлуу эл аралык Amnesty International уюмунун жаңы баяндамасында белгиленгендей, Кыргызстанда жарандык коомго жана укук коргоочуларга кысым күчөдү. 2024-жылдын тогуз айынын ичинде эле прокуратура журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге каршы 71ден ашык кылмыш ишин козгогон. Көп учурда “Улут аралык кастыкты козутуу”, “Массалык башаламандыкка чакыруу”, “Конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү” беренелери колдонулган. Аныгында укук коргоочулар бул иштердин көбү бийликти, коррупцияны, укук бузууларды жана социалдык адилетсиздикти сындаган материалдар менен байланыштуу болгонун белгилешет. Мен алардын тыянагы менен толук кошулам. 2024-жылы Кыргызстанда аялдарга, кыздарга карата үй-бүлөлүк зомбулук кеңири жайылган бойдон калганын, кылмышкерлер көбүнчө жазасыз калып жатканын билдирет. Январь айынан октябрга чейин милиция 14 миң 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысын каттаган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 37%га көп... Кыргызстан авторитардык башкаруу системасына толук кандуу өтүп кетүү коркунучунда турат. Анда адам укуктары эч кандай мааниге ээ болбой калышы мүмкүн. Мунун себеби, укук коргоо органдары элге же парламентке эмес, бир гана президентке баш ийгендигинде. Ошондуктан мурункудай эле репрессиянын, куугунтуктун башкы куралына айланат. Эл өз укугун коргогонго батынбай, ал жакка баруудан баш тартып калды...
-- Учурда бийликти сындаган деле оппозиция жок. Ушундай “чегинүү” мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө түзөбү?
-- Оппозициянын негизги трибунасы парламент болушу кажет. “Бийликчил эмес” деп эсептелинген фракциянын депутатын ачык тепкилеп жатса, буга үн катып койбогон “Ыйман нуру” партиясынын депутаттарында ыйман эмес, адамгерчилик сапаттар да таптакыр калбай калгандыгынын белгиси. Парламент президент аппаратынын юридикалык бөлүмү эле болуп калды. Саясый тазалоо иши толугу менен жүзөгө ашты. Натыйжада, азыркы бийлик тарыхта ушундай кесепеттери менен эле сакталып калбаса экен (!) деп тилейм.
-- Жакында Кой-Таш окуясынын каармандарына өкүм чыгары күтүлүүдө. Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар соттолушса, саясый кырдаалга кандай таасир этет?
-- Соттолушат окшойт, бирок камалбаса экен! Түрмөгө жыландын баласы да жатпасын... КСДПдан акыркы убакта бийликке каршы акцияны мындай кой, бир оппозициячыл чакырыкты да көргөн жокмун. Соттор эсине келип, адилеттүү чечим чыгарып, бийлик айкөлдүгүн көрсөтүп, саясаттагы жаңы баракты ачышса эп келишет эле.
-- Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын астында Зеленский Кремлди чочулаткан билдирүүлөрдү жасады. Кызыл аянтка карата коркунучтардын коңгуроосу эмнеге кагылды? Бул согуштун соңу Украинанын мамлекет катары жоголуусуна алып барбайбы?
-- Зеленскийдин билдирүүсү бир нече максаттарды көздөйт. 9-майда Москвада коопсуздук маселеси негизги көрсөткүч болгондуктан, биринчиден, согуш талаасында Россияны алсыратуу, экинчиден, чет элдик лидерлердин чочулоо сезимин ойготуп, Москвага бардыртпоо жана ошону менен Путиндин легитимдүүлүгүн жокко чыгаруу болуп эсептелет. Украина утулбайт. Анткени, мыйзамды сыйлаган, калыптанган дүйнөлүк системаны тааныган мамлекеттер Украинаны колдошот. Биз дагы украин элин жакташыбыз керек, себеби, анын мамлекеттүүлүгү баардык постсоветтик өлкөлөрдүн көз карандысыздыгы менен байланыштуу. Путиндин башкы максаты – Совет империясын кайра куруу. Буга өзүн мекенчил катары эсептеген кыргыздар каршы турушу керек.











