Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: “Эски дарт өмүргө коркунуч келтирип, үй камагына бошотулдум”
Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандардын айрымдары үй камагына чыгышты. Алардын бири Мамбетжунус Абылов болгондуктан, айрым суроолорубузду узатып, агайдан жооп алдык.
-- Мамбетжунус ага, эмне үчүн баарыңыздарды эмес, бийлик айрымдарын гана үй камагына бошотту?
-- Мен өзүм боюнча гана айта алам. Камакта отуруп оор операцияга дуушар болдум. Ошого байланыштуу эле үй камагына бошотулдум.
-- “Ден соолуктарын шылтоо кылып, үй камагына чыгышты” дегендер болуп жатат. Буга кандай дейсиз?
-- 23 жыл мурун мага Түркиядан операция жасалган. Мен камакта отурганда эски оорум козголуп, улуттук госпиталда кайра дагы оор операция жасалды. Кечээ үй камагына чыксам, врачтар мени кайра ооруканага жаткырышты. Эски дарт өмүргө коркунуч келтирсе, врачтарга баш ийет экенсиң да.
-- Сиз бийликтин кемчиликтерин ачык сындаган, оппозиция маанайындагы өлкөгө белгилүү инсансыз. “Мени үй камагына бошотту” деп бийликке ыраазы болуп, эми мурунку позицияңыздан таясызбы?
-- Бизге таңууланган кылмыш иши сотко өтө элек. Ошондуктан үй камагына бошотуу боюнча сотко өтүнүч киргизген тергөө тобунун жетекчиси мага айрым чектөөлөрдү эскерткен. Ал чектөөлөр купуя болгондуктан, азырынча үн катпоону талап кылат. Мындан сырткары, Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган биздин тагдырлаштарыбыздын басымдуу бөлүгү дагы деле камакта. Алардын эңсегени да үй камагына чыгуу. Эми биз өзүбүздү бир аз ооздуктабасак, “булар бошотулса деле ушуну кылат” деп бийлик аларды камакта кармаганын уланта турган болсо, биз өзүбүз алардын камакта отурушуна көмөктөш болуп калабыз. Ошондуктан бүгүн биз алардын тагдырына кайдыгер мамиле кылбаш үчүн катуу кетпей, “не навреди” деген маанайда болуп турганыбыз оң. Бул позициядан тайгандык эмес, тагдырлаштарга кол сунуу дегендикке жатат деп түшүнөм.
-- Рахмат! Сакайып, соттон акталып кетиңиз!