Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Каныбек Туманбаев келечекте Икрам Илмияновдун жолун жолдой турган адам”

“Каныбек Туманбаев келечекте Икрам Илмияновдун жолун жолдой турган адам”

01-апрель, 22:27
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Каныбек Туманбаев "шопурлук иши" менен алектенбей, саясатка мурдун тыгып, ар кимди жамандап атканы кандай?

Төрөбай КОЛУБАЕВ, коомдук ишмер:
-- 32 жылдан бери эпчил адамдар президентти тегеректеп алышат. Ажонун ишенимине киргендер мурункудан сабак албай, тырмоочту кайра-кайра басышат. Каныбек Туманбаев азыр кызматта болгону менен келечекте Икрам Илмиянов менен Алмамбет Салиевдин жолун жолдой турган эле адам. Ошолордун тагдырын кайталап калышы мүмкүн. “Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт” болбой, элдин жинине тийбей, бирөөлөрдү жамандабай, саясаттан алыс болушу керек. Анткени, ал туура эмес аракеттери менен президентке көлөкө түшүрүп жатат. “Эмне үчүн Илмиянов кылса болот да, ошол эле ишти мен кылсам болбойт?” деп кызматына таянбашы керек. “Мамлекет башчыга гана жаксам болду” деген позициясы тескери жыйынтык берип коюшу ыктымал. Кийин өкүнүп калбаш үчүн таасирдүү көрүнөм менен убараланбай, өз иши менен гана алек болгону оң. 

Бакыт ЖУМАГУЛОВ, серепчи:
-- Каныбек Туманбаев мамлекеттик кызматкер. Ошон үчүн мамлекеттик кызматтын этикасын каалайбы-каалабайбы сакташы керек. Баардык жетекчи кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлер боюнча жазылган мыйзамдагы ыйгарым укуктардан аша чаппашы керек. 
Каныбек Туманбаев учурда президенттин, өкмөттүн тиричилигин өткөргөн чарбачылык ишти алып барат. Чарбалык иш саясаттан алыс иш. Ошондуктан, кээде саясатка аралашканы орунсуз болуп жатат. Ар бир кадамын ойлонуп таштабаса, “ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып жатат” деген күмөн саноолор жаралышы мүмкүн. Эгер ошончолук эле саясый иштерге аралашкысы келсе, мамлекеттик кызматты өткөрүп, саясый партия же кыймыл ачып, саясатка баш-оту менен кирсе болот. Ал анын укугу.
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер