Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан каза тапкандар миллионго чукулдады

Коронавирустан каза тапкандар миллионго чукулдады

14-сентябрь, 12:03
389 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнө жүзүндө 14-сентябрга карата коронавирус инфекциясын 28 миллион 884 миң 553 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 19 миллион 531 миң 117 бейтап айыгып чыкса, 922 миң 212 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 517 миң 326 адамдан коронавирус аныкталды. 194 миң 36 адам каза болсо, 2 миллион 451 миң 406 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 754 миң 356 адамдан аныкталды. 78 миң 586 адам каза болсо, 3 миллион 702 миң 595 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия үчүнчү орунда. Бул өлкөдө 4 миллион 330 миң 455 адам вируска кабылган. 131 миң 625 бейтап көз жумса, 3 миллион 723 миң 206 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер