Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Аспеков: “Текебаев соттолуп кетүүдөн коркуп, шайлоого барган жок”

Мелис Аспеков: “Текебаев соттолуп кетүүдөн коркуп, шайлоого барган жок”

21-август, 01:12
2 148 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаш саясатчы Мелис Аспеков партиялык система Кыргызстанга туура келбей турганын, парламентти эки мандаттуу башкарууга өткөрүү зарыл экенин, бул өз кезегинде Жогорку Кеңеште тең салмактуулукту жаратарын белгилейт. 

-- Парламентке аттанган талапкерлер боюнча кандай пикирдесиз? 

-- Биздин мамлекет азыркы башкаруу системасы менен туңгуюкка такалды. Каякты караба Мамайдын көрү. Өкмөтүбүз системалуу кризиске түштү, бюджетте дефицит, бир кредиттен экинчи насыяга чейин (!) деп жашап калдык, тышкы карыз чачтан көп. Ал эми ушундай кыйын абалда биздин кландар миллион долларларын кучактап, добушту сатып алуу аракеттерин көрүүдө. Партиялардын тизмесине көз салсак, билимдүү, илимдүү, профессор, академиктер жок, алардын ордуна базаркомдор, аферист чайка ырчылар, бандиттер келе жатышат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Шайлоо ар бир райондон бир мандаттуу өткөндө гана парламентке мындай сапатсыз депутаттар келбейт. Жогорку Кеңеш эки палатадан турганда эл өкүлдөрүнүн саны кыскармак.

-- Башкы “атамекенчи” Өмүрбек Текебаевдин “шайлоого катышпайм” дегенин көпчүлүк жактырып, башка лидерлерди да ушундай кадамдарга барууга чакырып жатышпайбы. Мындай кадам эмнеден улам келип чыгышы мүмкүн?

-- Бизге Өмүрбек Текебаевдин Батыштан көчүрүп келген башкаруу формасы чак келбейт. Мисалыбир райондон үчтөн-төрттөн депутат бар, ошол эле учурда  башка аймактарда бирөө да жок. Тең салмактуулук кайда? Текебаев жүргөн жерге чөп чыкпайт. Бу саам да жаш күчтөрдү колдонуп, өзүнө саясый упай топтоо аракетинде. Анын “келечек муунга орун бошотту” дегени карандай калп. Элди кайрадан алдоодо. Ал кууланып жатып, соттолуп кетүүдөн коркконунан шайлоого барган жок. Текебаев орноткон башкаруу формасы мамлекетти жарга такады. Каражат болсо эле партиянын алдыңкы тизмесине илинсең болот, бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна чоң сокку урат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер