Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул суу сактагычында 10,2 млрд. куб/метр суу бар

Токтогул суу сактагычында 10,2 млрд. куб/метр суу бар

28-декабрь, 17:41
1 295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

28-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. 259 млн. куб/метрди түздү. Бул тууралуу «Электрстанциялары» ишканасы маалымдады.

Ушул тапта суу сактагычка секундасына 172 куб/метр суу агып кирсе, андан 614 куб/метр суу агып чыгууда. Быйыл март айынын аягында Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард куб/метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб/метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет. 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган. Ал эми калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн мурдагыдай эле 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөй турган болгон. «Түндүкэлектр» ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Айрым аймактарда электр энергиясын көп талап кылган жылыткычтарга мөөр басылганы катуу талкууга алынган.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер